# 9-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2015 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экологической экспертизе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111135)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/219#diff=638847..638848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 9-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-9

---

Мамлекеттик экологиялык экспертиза экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү үчүн долбоордун демилгечиси төмөнкү документацияны берүүгө милдеттүү:

- чарбалык жана башка иш-аракеттин жаратылыш айлана-чөйрөсүнө тийгизген таасирине баа берүүнүн материалдарын;

- тиешелүү атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик контролдоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундуларын жана/же макулдашуу документтерин;

- эгерде ал жүргүзүлсө, коомдук экологиялык экспертизанын корутундусун.

(3-бөлүгү КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-10)
