# 8-статья. Экологиялык экспертиза жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 184 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об индивидуальном жилищном строительстве в Кыргызской Республике", "Об экологической экспертизе", "Общий технический регламент по обеспечению экологической безопасности в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031413)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/219#diff=638848..37240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 8-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-8

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта:

- (абзац КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- коомдук талкуулоолордун, референдумдардын, суроо-жооптордун, коомдук экологиялык уюмдардын жана кыймылдардын арыздарынын натыйжаларынын негизинде экологиялык экспертизанын маселелери боюнча чечимдерди өз ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алууну жана ишке ашырууну;

- жергиликтүү калктын талаптары боюнча коомдук экологиялык экспертиза уюштурууну;

- экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген органга ведомстволук караштуулуктагы администрациялык аймакта болжолдонуучу чарбалык жана башка иш-аракеттер жөнүндө маалымдоону жүзөгө ашырат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдан экологиялык экспертизанын объекттери, алардын жаратылыш айлана-чөйрөсүнө таасирине баа берүү жөнүндө зарыл болгон маалыматты алууга;

- экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга белгиленүүчү ишти ишке ашыруунун экологиялык аспекттерине тиешелүү далилдүү сунуштарды жазуу түрүндө жиберүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-9)
