# 7-статья. Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2003 года №102 "О внесении изменения в закон Кыргызской Республики "Об экологической экспертизе"](https://aqlex.ai/kg/doc/1226)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/219#diff=638845..638846>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 7-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-7

---

Атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:

- ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн объекттерди, анын ичинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын эскперттик комиссияларын уюштурууну жана өткөрүүнү;

- ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик-техникалык жана нускама-усулдук документтерди иштеп чыгууну, кайра кароону жана бекитүүнү;

- белгиленүүчү иш-аракет жөнүндө маалыматтар банкын түзүүнү жана жүргүзүүнү кошуп алганда, экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына белгиленүүчү чарбалык иштин таасири жөнүндө мамлекеттик экологиялык экспертизаны илимий, усулдук, маалыматтык камсыз кылууну;

- консультацияларды, биргелешкен экологиялык экспертизаларды, илимий жана усулдук иштеп чыгууларды алмаштыруу, чет өлкөлүк адистерди тартуу максатында башка мамлекеттердин экологиялык-эксперттик органдары менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү;

- мамлекеттик экологиялык экспертизаны, аны жүргүзүүнүн тажрыйбасын алмашууну жана экологиялык-эксперттик иштин сапатын жогорулатууну жүзөгө ашыруунун методологиясынын, усулдарынын жана түрлөрүнүн маселелери боюнча семинарларды, конференцияларды өткөрүүнү;

- Кыргыз Республикасындагы экологиялык-эксперттик ишти координациялоону, алардын баш ийүүчүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, объекттерге экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн маселелери боюнча усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырууну;

- аны уюштурууда жана жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын жана мамлекеттик экологиялык экспертиза жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын контролдоону;

- экологиялык экспертиза жаатындагы атайын ыйгарым укук берилген органдардын ортосундагы экологиялык экспертизанын жүрүшүндө келип чыгуучу пикир келишпестиктерди кароону;

- экологиялык экспертиза өткөрүүгө катышуучу эксперттердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүүнү;

- өз компетенциясынын чегинде министрликтер, администрациялык ведомстворлор, уюмдар жана алардын эксперттик кичи бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү;

Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:

- эл аралык экологиялык экспертизаларды уюштурууга, өткөрүүгө жана аларга катышууга;

- экспертизанын объекти мамлекеттик же коммерциялык жашыруун сырды түзгөн учурларды албаганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет өлкөлүк окумуштуулар менен адистерди мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүгө тартууга;

- жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндө министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун маалыматтар банкына кирүүгө;

- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу.

Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:

- мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укук актылардын, ченемдик-техникалык, нускама-усулдук документтердин талаптарына ылайык келишин камсыз калууга;

- мамлекеттик экологиялык экспертиза комиссияларынын отурумдарын өткөрүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала маалымдоого;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундуларын экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуучу органдарга жиберүүгө;

- коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүчү долбоордун инвесторунун, коомдук уюмдардын талабы боюнча мамлекеттик экологиялык экспертизаны уюштурууну жана жүргүзүүнү регламенттөөчү ченемдик-техникалык, ченемдик-усулдук документацияларды таанышуу үчүн берүүгө;

- белгиленген иш-аракетти жүзөгө ашыруунун экологиялык аспекттерине тиешелүү далилдүү сунуштарды берген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына, коомдук уюмдарга (бирикмелерге) жана жарандарга мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүгө ошол сунуштардын эске алынгандыгын негиздөөчү материалдарды жиберүүгө;

- алардын сурамы боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик экологиялык экспертизанын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарына берүүгө;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттерин даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-8)
