# 20-статья. Экологиялык экспертиза жаатындагы пикир келишпестиктерди чечүү

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 20-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-20

---

Долбоордун демилгечисинин же аны иштеп чыгуучунун мамлекеттик экологиялык экспертизанын иш-аракеттери, усулдары жана тыянактары менен макул эместиги пикир келишпестик деп эсептелинет. Пикир келишпестиктер боюнча дооматтар айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органынын жетекчисинин ысымына берилет. Мамлекеттик экологиялык экспертиза органдары менен долбоорлордун демилгечилеринин ортосунда пайда болуп, протокол түзүлгөн пикир келишпестиктер айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы тарабынан каралат. Пикир келишпестиктерди кароонун мөөнөтү зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш. Пикир келишпестиктер боюнча чечим сотко даттанылышы мүмкүн. Экологиялык экспертизанын корутундусу аны даярдоодо:

- экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн жол-жобосун бузууларга;

- экологиялык коопсуздуктун, айлана-чөйрөнү коргоонун, жаратылыш

ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун жана калыбына келтирүүнүн экологиялык ченемдерин жана эрежелерин, талаптарын аткарбоого же бузууга;

- жарандардын жашоо үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, калктын башка экологиялык укуктарын жана кызыкчылыктарын, экологиялык-эксперттик процесстин катышуучуларынын укуктарын бузууларга жол берилген учурларда анык эмес деп табылышы мүмкүн.

Экологиялык экспертиза органы өзү кабыл алуучу чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-21)
