# 14-статья. Коомдук экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 14-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-14

---

Коомдук экологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте каттоодон өткөн жарандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин демилгеси боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт. Коомдук экологиялык экспертиза мамлекеттик экологиялык экспертизага көз карандысыз жүргүзүлүшү мүмкүн. Коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн демилгечилери коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала кат түрүндө кабарлоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-15)
