# 13-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 13-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-13

---

Эксперттелүүчү иш, экспертизанын объектин ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү жаратылыш айлана-чөйрөсүнө таасир тийгизүүсүнө жол берилерлиги жөнүндө негизделген тыянактарды камтыган, эксперттик комиссия тарабынан даярдалган документ мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу болуп саналат. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу оң же терс болушу мүмкүн. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу - экспертизанын объектин каржылоонун, кредит берүүнүн, инвестициялоонун, ишке ашыруунун милдеттүү шарттарынын бири болуп саналат. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан аныкталган мөөнөттүн ичинде юридикалык күчкө ээ. Экспертизанын объектин ишке ашырууга тыюу салуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын терс корутундусунун юридикалык натыйжасы болуп саналат. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын терс корутундусу болгон учурда долбоордун демилгечиси корутундуда баяндалган сын-пикирлерди эске алуу менен аларды кайра иштеп чыккан шартта материалдарды мамлекеттик экологиялык экспертизага кайрадан берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-14)
