# 10-статья. Айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүүгө баа берүү

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 10-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-10

---

Айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүүгө баа берүүнүн жол-жобосун колдонуудагы ченемдик укук актыларга ылайык долбоордун демилгечиси камсыз кылат. Айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүүгө баа берүүгө иштин төмөнкү түрлөрү үчүн негиздемелерди даярдоодо уюштурулат жана жүргүзүлөт:

- социалдык-экономикалык өнүгүүнүн тармактык жана аймактык концепцияларын, программаларын жана пландарын;

- жаратылыш ресурстарын комплекстүү пайдалануунун жана коргоонун схемаларын;

- шаарлардын, калк жашаган жерлердин башкы пландарын жана башка шаар куруу документациясын;

- айлана-чөйрөгө таасир тийгизген, болбосо таасир тийгизиши мүмкүн болгон иштеп жаткан чарбалык жана башка объекттерди жаңыдан куруунун, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн жана техникалык жактан кайра жабдуунун.

Долбоорлоо документациясын иштеп чыгуунун бүткүл түрлөрүнүн жана стадияларынын курамында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнүн болушу милдеттүү болуп саналат жана экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан чечим кабыл алуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-11)
