# 1-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Экологиялык экспертиза жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/219)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июну № 54 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 184 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об индивидуальном жилищном строительстве в Кыргызской Республике", "Об экологической экспертизе", "Общий технический регламент по обеспечению экологической безопасности в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031413)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/219#diff=638848..37240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-206/edition/638845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экологиялык экспертиза жөнүндө, 1-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-1

---

Таасир тийгизүү - айкын объектке анда сандык же сапаттык өзгөрүү алып келүүчү, болбосо алып келиши мүмкүн болгон аракет. Долбоордун демилгечиси - белгиленүүчү долбоордук чечимдерди даярдоо жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы каражаттары бар юридикалык же жеке жак, ишти уюштуруучу. Айлана-чөйрө - адам байыр алган табигый чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосу үчүн шарт, каражат жана орун-жай катары кызмат кылган биосфера, кеңири мааниде өзүнө табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишинин натыйжасында кайра түзүлгөн табигый чөйрөнүн бир бөлүгү катары айлана-чөйрөнү камтыйт. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү (АТББ) - белгиленген чарбалык жана башка таасир тийгизүүнү, ал тарабынан келтирилген айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн табуу, талдоо, ага баа берүү жана эсепке алуу. Жаратылышты коргоону долбоорлоо: айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү (АТББ) иштеп чыгуу; долбоорлук-сметалык документтердин "Айлана-чөйрөнү коргоо" деген бөлүмүн иштеп чыгуу; экологиялык паспортту иштеп чыгуу (жол берилүүчү абага чыгаруулардын, жол берилген сууларга агызуулардын ж.б. ченемдери); экологиялык аудитти жүргүзүү. Долбоор: план, ой-ниет; курулманын, жабдуунун иштелип чыккан планы; документтин алдын алган эң алгачкы тексти; чечимди даярдоонун тутумундагы элемент. Экспертизанын объектин ишке ашыруу - өнөр жай жана башка объекттерди куруу, пайдалануу, жоюу, кызмат көрсөтүүлөр, буюмдар менен технологиялардын план алдындагы, долбоор алдындагы жана долбоорлук документтерде каралган чечимдерге ылайык чарбалык жүгүртүүгө түшүүсү боюнча иштердин башталышы жана жүрүшү, ошондой эле мыйзам актынын күчүнө кириши, экспертизанын объектисинин башкача реалдуу пайдаланылышы. Экологиялык коопсуздук - адамдын, коомдун жашоосунун шарты жана каражаты катары инсандын, коомдун, айлана-чөйрөнүн корголушу аларга антропогендик жана жаратылыш таасирлеринин айынан болчу коркунучтардан инсандын, коомдун турмуштук маанилүү таламдарынын корголгондугунун абалы. Экологиялык тобокел - жаратылыш объекттеринин жана факторлорунун ар кандай (атайын же кокусунан, акырындык менен же апааттык) антропогендик өзгөрүүлөрдүн кесепетинен айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна жагымсыз таасир тийгизүүсүнүн ыктымалдыгы. Экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы жаратылыштык айланачөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр таасир этүүчү болжолдонуучу чечимдердин экологиялык тобокелдигинин жана коркунучунун деңгээлин аныктоо. Чек ара аралык таасир этүү - физикалык булагы "Кыргыз Республикасынын БУУнун Европалык Экономика Комиссиясынын чек ара аралык контекстте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө Конвенциясына кошулуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка Тараптын юрисдикциясына кирген райондун чегинде жайгашкан белгиленген иштен келип чыгуучу, тигил же бул Тараптын юрисдикциясындагы райондогу глобалдуу мүнөздөгү эле эмес, ар кандай таасир. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/219/st-2)
