1-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · I Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 184
Таасир тийгизүү - айкын объектке анда сандык же сапаттык өзгөрүү алып келүүчү, болбосо алып келиши мүмкүн болгон аракет. Долбоордун демилгечиси - белгиленүүчү долбоордук чечимдерди даярдоо жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы каражаттары бар юридикалык же жеке жак, ишти уюштуруучу. Айлана-чөйрө - адам байыр алган табигый чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосу үчүн шарт, каражат жана орун-жай катары кызмат кылган биосфера, кеңири мааниде өзүнө табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишинин натыйжасында кайра түзүлгөн табигый чөйрөнүн бир бөлүгү катары айлана-чөйрөнү камтыйт. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү (АТББ) - белгиленген чарбалык жана башка таасир тийгизүүнү, ал тарабынан келтирилген айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн табуу, талдоо, ага баа берүү жана эсепке алуу. Жаратылышты коргоону долбоорлоо: айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү (АТББ) иштеп чыгуу; долбоорлук-сметалык документтердин "Айлана-чөйрөнү коргоо" деген бөлүмүн иштеп чыгуу; экологиялык паспортту иштеп чыгуу (жол берилүүчү абага чыгаруулардын, жол берилген сууларга агызуулардын ж.б. ченемдери); экологиялык аудитти жүргүзүү. Долбоор: план, ой-ниет; курулманын, жабдуунун иштелип чыккан планы; документтин алдын алган эң алгачкы тексти; чечимди даярдоонун тутумундагы элемент. Экспертизанын объектин ишке ашыруу - өнөр жай жана башка объекттерди куруу, пайдалануу, жоюу, кызмат көрсөтүүлөр, буюмдар менен технологиялардын план алдындагы, долбоор алдындагы жана долбоорлук документтерде каралган чечимдерге ылайык чарбалык жүгүртүүгө түшүүсү боюнча иштердин башталышы жана жүрүшү, ошондой эле мыйзам актынын күчүнө кириши, экспертизанын объектисинин башкача реалдуу пайдаланылышы. Экологиялык коопсуздук - адамдын, коомдун жашоосунун шарты жана каражаты катары инсандын, коомдун, айлана-чөйрөнүн корголушу аларга антропогендик жана жаратылыш таасирлеринин айынан болчу коркунучтардан инсандын, коомдун турмуштук маанилүү таламдарынын корголгондугунун абалы. Экологиялык тобокел - жаратылыш объекттеринин жана факторлорунун ар кандай (атайын же кокусунан, акырындык менен же апааттык) антропогендик өзгөрүүлөрдүн кесепетинен айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна жагымсыз таасир тийгизүүсүнүн ыктымалдыгы. Экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы жаратылыштык айланачөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр таасир этүүчү болжолдонуучу чечимдердин экологиялык тобокелдигинин жана коркунучунун деңгээлин аныктоо. Чек ара аралык таасир этүү - физикалык булагы "Кыргыз Республикасынын БУУнун Европалык Экономика Комиссиясынын чек ара аралык контекстте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө Конвенциясына кошулуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка Тараптын юрисдикциясына кирген райондун чегинде жайгашкан белгиленген иштен келип чыгуучу, тигил же бул Тараптын юрисдикциясындагы райондогу глобалдуу мүнөздөгү эле эмес, ар кандай таасир. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 184 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об индивидуальном жилищном строительстве в Кыргызской Республике", "Об экологической экспертизе", "Общий технический регламент по обеспечению экологической безопасности в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…экологиялык тобокелдигинин жана коркунучунун деңгээлин аныктоо. кошулду: Чек ара аралык таасир этүү - физикалык булагы "Кыргыз Республикасынын БУУнун Европалык Экономика Комиссиясынын чек ара аралык контекстте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө Конвенциясына кошулуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка Тараптын юрисдикциясына кирген райондун чегинде жайгашкан белгиленген иштен келип чыгуучу, тигил же бул Тараптын юрисдикциясындагы райондогу глобалдуу мүнөздөгү эле эмес, ар кандай таасир. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 760 "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2014 · № 760 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2002 года №438 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об экологической экспертизе"Постановление · 28.06.2002 · № 438 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/219/st-1" title="1-статья - Экологиялык экспертиза жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>