# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 211-т "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (мындан ары - ЖАК) финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудит жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 211-т "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (мындан ары - ЖАК) финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудит жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 211-р
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218980>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18356/edition/1148226/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218980.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 211-т "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (мындан ары - ЖАК) финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудит жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" тескемеси (15.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218980

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 15-апрели № 211-т "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (мындан ары - ЖАК) финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудит жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин, "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Эл аралык финансылык отчеттуулуктун стандарттарына (мындан ары - ЭФОС) ылайык даярдалган "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын 2021-жыл үчүн финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудит жүргүзүү үчүн "Эрнст энд Янг Аудит" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) аудитордук уюмун тартсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 33-т тескемеси менен дайындалган "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу "Эрнст энд Янг Аудит" ЖЧКсы менен "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын жылдык бюджетинин алкагындагы коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн бааларды жана башка шарттарды эске алуу менен аудитордук кызматтарды көрсөтүүнүн тиешелүү келишимин түзсүн.

3. "Кумтөр Голд Компани" ЖАК жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы боюнча ЭФОСко ылайык даярдалган 2021-жыл үчүн финансылык отчеттуулукту аудитордук корутунду (отчет) менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага:

А.У.Жапаров
