Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Ноокат шаарындагы суу менен камзыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-марты № 154-т
2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 136 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарындагы суу менен камзыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Борбордук Азия үчүн Европа бирлигинин инвестициялык фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Борбордук Азия үчүн Европа бирлигинин инвестициялык фондунун 2 000 000 (эки миллион) евро суммасындагы грантын жана Япония менен ЕБРРдин ортосундагы Кызматташтык фонду аркылуу Япониянын Өкмөтүнүн 600 000 (алты жүз мин) евро суммасындагы грантын кайтарымсыз негизде алууга Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэриясы менен "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча субгранттык макулдашууну түзсүн;
2) Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэриясы менен "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну түзсүн:
- кредиттин суммасы 2 200 000 (эки миллион эки жүз мин) евро өлчөмүндө белгиленсин;
- кредит берүүнүн мөөнөтү - 15 жыл, анын ичинде 4 жылдык жеңилдетилген мезгил менен;
- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка - Euribor + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1 пайыз;
- күрөөлүк камсыз кылуу - сатып алынган жабдуулар жана кредиттин эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздары жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 22-майында жана 22-ноябрында 22 бирдей бөлүк менен төленөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы -2025-жылдын 22-ноябры, кредитти төлөөнүн акыркы датасы 2036-жылдын 22-майы;
- төлөм кечиктирилген учурда айыптык санкциялар мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып бул карыз толугу менен жоюлган датаны кошкондо - Euribor + жылдык 2 пайыз;
- кредиттин өздөштурүлбөгөн суммасы үчүн жылдык 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия, ал Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин эсептелет жана "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору күчүнө киргенден кийин төлөнөт:
- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия - берилүүчү кредиттин каражаттарынан 1 пайыз өлчөмүндө.
2. Түзүлгөн Субкредиттик макулдашуу боюнча мөөнөтүнөн өтүп кеткен карыз пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескемеде каралган мөөнөтү өтүп кеткен карыздын бардык суммаларын, анын ичинде негизги карызды, чегерилген пайыздарды, туумдарды жана финансылык санкцияларды Ноокат шаарынын мэриясынын жактыруусусуз жана макулдугусуз Ноокат шаардык мэриясынын бардык эсептеринен акцепттик (талашсыз) чексиз алууга укуктуу деп белгиленсин.
3. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэриясына белгиленген тартипте Субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кредитти кайтарып берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруупу контролдоо башкармалыгына жүктолсүн.
Төрага
А. У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо…Закон · 15.11.2021 · № 136