# КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т "Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т "Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 173-р
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2022
- Редакциянын күнү: 06.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218966>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18342/edition/1146598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218966.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т "Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" тескемеси (06.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218966

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 6-апрели № 173-т Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Global Hydro Energy" GmbH компаниясы (Австрия) Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын курууга көмөкчү гидромеханикалык жабдуулары, технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу системасы менен гидрокубаттуулук жабдууларынын комплектин жеткирип берүүчү, ошондой эле коштоочу кызматтарды көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

2. "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна жогоруда аталган товарларды жана коштоочу кызматтарды "Global Hydro Energy" GmbH компаниясынан (Австрия) монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган нарк боюнча сатып алуу сунушталсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
