# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 139-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) Тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 139-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 139-р
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18338/edition/1151814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 139-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) Тескемеси (24.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218962

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 24-марты № 139-т Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан андан ары өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Миңкуш көмүр кенинин Агулак участогун геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана иштетүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

Чекиттер №

X

Ү

1

13458522

4618690

9

13458549

4617773

2

13461720

4618460

10

13458795

4617904

3

13461680

4617610

11

13458866

4617917

4

13460001

4617471

12

13459505

4617842

5

13458617

4617611

13

13459507

4618231

6

13458614

4617668

14

13458868

4618405

7

13458512

4617640

15

13458868

4618131

8

13458513

4617763

16

13458516

4618049

Аянты 291,1 га

- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан Сүлүктү-талаа 11 көмүр кенин геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана иштетүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

Чекиттер №

X

Ү

1

12558369

4424239

8

12559588

4421453

2

12561543

4424494

9

12558469

4421454

3

12562049

4422517

10

12558469

4421612

4

12560615

4421793

11

12558500

4421618

5

12560605

4422215

12

12558455

4422166

6

12560000

4421816

13

12558443

4422166

7

12559588

4421812

Аянты 862,1 га

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
