# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 138-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) Тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 138-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 138-р
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18337/edition/1151816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218961.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 138-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) Тескемеси (24.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218961

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 24-марты № 138-т Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан андан ары өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагындагы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкү тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Бештерек көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13402525

4525985

2

13404090

4523870

3

13404010

4523210

4

13403165

4522900

5

13401870

4523430

6

13401800

4525115

Аянты 447,28 га

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
