# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 276-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 276-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 157-р
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18336/edition/1151818/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 276-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (28.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218960

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-марты № 157-т Мамлекеттик турак жай саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 276-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

"1-тиркеме

Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).".
