# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 70-т "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын күчөтүү жөнүндө

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 70-т "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын күчөтүү жөнүндө
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 70-р
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2022
- Редакциянын күнү: 17.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218952>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18328/edition/1173269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218952.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 70-т "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын күчөтүү жөнүндө (17.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218952

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 17-февралы № 70-т Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир вертолет сатып алууга, вертолетту сактоо жана аны техникалык тейлөө үчүн ангар курууга, аба кемелерин май менен камсыз кылуучу май куюучу комплексти курууга "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен 310 000 000 (үч жүз он миллион) сом бөлүп берсин;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
