# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 179-т ( “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоонун жүрүшүндөгү өзгөртүүлөр) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 179-т ( “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоонун жүрүшүндөгү өзгөртүүлөр) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 179-р
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18320/edition/1168747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 179-т ( “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоонун жүрүшүндөгү өзгөртүүлөр) тескемеси (08.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218943

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-апрели № 179-т «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексининин 115-беренесинин l-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер түрүндө монополияга каршы мыйзамдар менен белгиленген жөнгө салуу талаптарынан четтеген суммалардан алынган кирешелердин эсебинен 4 000 000,0 (төрт миллион) сом суммасына кобойтсүн;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменте мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер түрүндө монополияга каршы мыйзамдар менен белгиленген жөнгө салуу талаптарынан четтеген суммалардан алынган кирешелердин эсебинен 4 000 000,0 (торт миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүнде» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөргүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тисшелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражатгарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
