# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 166-т (Бөйрөктү трансплантациялоо зарыл болгон бала курактагы жана бойго жеткен бейтаптардын жашоосунун сапатын жана узактыгын жакшыртуу,Люминекс 200 (Luminex 200) мультипараметрдик анализатор жабдуусун сатып алууга ) жөнүндө тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 166-т (Бөйрөктү трансплантациялоо зарыл болгон бала курактагы жана бойго жеткен бейтаптардын жашоосунун сапатын жана узактыгын жакшыртуу,Люминекс 200 (Luminex 200) мультипараметрдик анализатор жабдуусун сатып алууга ) жөнүндө тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 166-р
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18317/edition/1168729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 166-т (Бөйрөктү трансплантациялоо зарыл болгон бала курактагы жана бойго жеткен бейтаптардын жашоосунун сапатын жана узактыгын жакшыртуу,Люминекс 200 (Luminex 200) мультипараметрдик анализатор жабдуусун сатып алууга ) жөнүндө тескемеси (04.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218940

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 4-апрели № 166-т Бөйрөктү трансплантациялоо зарыл болгон бала курактагы жана бойго жеткен бейтаптардын жашоосунун сапатын жана узактыгын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бөйрөктү трансплантациялоодо молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргузүү үчүн Люминекс 200 (Luminex 200) мультипараметрдик анализатор жабдуусун сатып алууга 21 122 500 ( жыйырма бир миллион бир жүз жыйырма эки миң беш жуз) сом болуп берсин;.

2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрду карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды максатуу пайдаланууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.

3 Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
