# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №180-т "Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине катышуусунун алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосунда толук жана өз убагында маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн жаңы техникалык жабдууларды сатып алуу" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №180-т "Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине катышуусунун алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосунда толук жана өз убагында маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн жаңы техникалык жабдууларды сатып алуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 180-р
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18314/edition/1165626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №180-т "Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине катышуусунун алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосунда толук жана өз убагында маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн жаңы техникалык жабдууларды сатып алуу" тескемеси (08.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218937

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 4-апрели №180-т

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине катышуусунун алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосунда толук жана өз убагында маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн жаңы техникалык жабдууларды сатып алууну кошуп алганда Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалымат системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин өндүрүштүк-техникалык базасын модернизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин иштөөсүн жана өнүгүүсүн камсыздоонун алкагында сервердик жабдууну сатып алуу боюнча бюджеттик милдеттенмени төлөө үчүн 2022-жылга фискалдаштыруу боюнча иш-чаралардын алкагында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 22 502 074 (жыйырма эки миллион беш жүз эки миң жетимиш терт) сомду бөлүп берсин;

2) «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров
