Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Окуучуларды жана жаштарды жашоодогу баалуулуктардын бири катары эмгекке жана анын натыйжаларына жакшы мамиле кылууга тарбиялоо, ошондой эле өлкөнүн калктуу конуштарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндүрүү деңгээлин жогорулатуу жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 5-апрели №171-т Окуучуларды жана жаштарды жашоодогу баалуулуктардын бири катары эмгекке жана анын натыйжаларына жакшы мамиле кылууга тарбиялоо, ошондой эле өлкөнүн калктуу конуштарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндүрүү деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдык 29-январындагы № 1 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жана 2022-жылдын 31-январындагы № 17 "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыктарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында (мындан ары - билим берүү уюмдары) "Бир окуучу - бир көчөт" жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны (мындан ары - акция) өткөрүү жөнүндө жарыялансын.
2. Төмөнкүлөр максатка ылайыктуу деп эсептелсин:
- акцияны жыл сайын март-апрель, сентябрь айларында өткөрүү;
- билим берүү уюмдарынын окуучуларын ыктыярдуу негизде тартуу;
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:
- билим берүү уюмдарынын окуучуларын кеңири тартуу менен акцияны өткөрүү боюнча уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
- билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жана жаштардын арасында коомдук пайдалуу эмгекке тартуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык өнөктүктү уюштурсун;
- жыл сайын, отчеттук жылдан киииики жылдын 30-ноябрына чейин акцияны өткөрүүнүн жыйынтыктары жөиүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- билим берүү уюмдары менен биргеликте көчөттөрдү отургузуу үчүн бөлүнгөн аймактарды сугаруу системаларынын талаптагыдай иштешин камсыз кылсын;
- билим берүү уюмдарына көчөттөрдү өстүрүүдө ар тараптуу жардам көрсөтсүн;
- жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-ноябрына чейин акцияны өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берип турсун;
- ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өткөрүлүп жаткан акцияны мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2022 · № 17
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 1 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.01.2021 · № 1