# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 05-апрелиндеги №170-р "COVID-19 коронавирустук инфекция менен күрөшүүнүн алкагындагы маселелерди чечүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 05-апрелиндеги №170-р "COVID-19 коронавирустук инфекция менен күрөшүүнүн алкагындагы маселелерди чечүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 170-р
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22560/edition/1165630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 05-апрелиндеги №170-р "COVID-19 коронавирустук инфекция менен күрөшүүнүн алкагындагы маселелерди чечүү жөнүндө" токтому (05.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218934

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 05-апрели №170-р COVID-19 коронавирустук инфекция менен күрөшүүнүн алкагындагы маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасына караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплекси” филиалынын коммуналдык кызматтар боюнча кредитордук карыздарын төлөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 50 жана 115-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 жана анын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган, “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетти жана 2023-2024 жылдаргы болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасына караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплекси” филиалына эсептелген коммуналдык кызматтар боюнча кредитордук карыздарды төлөөгө 10 405 762 (он миллион төрт жүз беш миң жети жүз алтымыш эки) сом суммасында акча каражатын бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
