# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-апрелиндегы № 163-т "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-апрелиндегы № 163-т "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 163-р
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18310/edition/1139189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-апрелиндегы № 163-т "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" тескемеси (01.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218932

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 1-апрели № 163-т 2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 10-июлундагы № 121 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 2 кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн № 2 кошумча макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3 Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
