# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-апрелиндеги №165-т “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруучу “Улуу Көчмөндөр Мурасы” улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасы менен канадалык “Центара Голд Инк” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга жана Рекультивациялоо жөнүндө трасттык келишимди колдонууну токтотуу тууралуу актыга “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун атынан кол коюуга ыйгарым укук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-апрелиндеги №165-т “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруучу “Улуу Көчмөндөр Мурасы” улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасы менен канадалык “Центара Голд Инк” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга жана Рекультивациялоо жөнүндө трасттык келишимди колдонууну токтотуу тууралуу актыга “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун атынан кол коюуга ыйгарым укук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 165-р
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18306/edition/1165622/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218928.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-апрелиндеги №165-т “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруучу “Улуу Көчмөндөр Мурасы” улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасы менен канадалык “Центара Голд Инк” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга жана Рекультивациялоо жөнүндө трасттык келишимди колдонууну токтотуу тууралуу актыга “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун атынан кол коюуга ыйгарым укук берүү жөнүндө" токтому (01.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218928

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 01-апрели №165-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы №79 “Кыргыз тараптын жана канадалык “Центарра Голд Инк.” Компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы №119-VII КПҮ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык “Центарра Голд Инк. “ компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттарын жана форматын жактыруу жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 11-февралындагы “133 тескемесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы №157 “Кыргыз тараптын жана канадалык “Центарра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын коституциялык Мыйзамынын13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруучу “Улуу Көчмөндөр Мурасы” улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасы менен канадалык “Центара Голд Инк” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга жана Рекультивациялоо жөнүндө трасттык келишимди колдонууну токтотуу тууралуу актыга “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
