# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 141-т "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 141-т "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 141-р
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218917>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18296/edition/1139679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218917.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 141-т "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" тескемеси (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218917

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 25-марты № 141-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомун жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин тиркелген бөлүштүрүү балансы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгуу жана киргизүү аяктаганга чейин аталган иштин түрүнө лицензияларды берүүнү улантсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
