# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 62-т "Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугу беруу жонундо" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 62-т "Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугу беруу жонундо" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 62-р
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218905>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18288/edition/1134035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218905.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 62-т "Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугу беруу жонундо" тескемеси (15.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218905

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 15-февралы № 62-т Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш алтын жана жез кенин иштетүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

У

1

13333258

4710253

2

13334332

4710003

3

13334050

4709232

4

13331742

4709802

Аянты 91,4 га

- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

У

1

13325160

4715813

2

13335945

4708510

3

13330975

4708205

4

13327175

4709030

5

13327690

4713275

6

13335795

4712535

Аянты 43,56 км2 (4356,0 га)

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
