# КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 7-мартындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 7-мартындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18283/edition/1229630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 7-мартындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында" тескемеси (07.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218898

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 7-марты, № 189 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар: Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери ' менен белгиленгендерди кошпогондо, эстеликке белектерди (улуттук кийим, саат, баалуу жыгачтын түрүнөн жасалган шахмат, калем сап ж.б.) сатып алуу жана тапшыруу, эстеликтерди даярдоо, юбилейлерди, фестивалдарды, белгилүү даталарды жана башка салтанаттуу иш-чараларды откөрүү жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын демөөрчүлүк жардамынын, ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш деп белгиленсин.

2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдарга мамлекеттик бюджеттин (республикалык же жергиликтүү бюджет) каражаттарын пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин системасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлсүн.

3 Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
