# Распоряжение Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 85-р ("О переводе некоторых автомобильных дорог из категории муниципальных дорог в категорию автомобильных дорог общего пользования)

- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 85-р
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18281/edition/1152024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 85-р ("О переводе некоторых автомобильных дорог из категории муниципальных дорог в категорию автомобильных дорог общего пользования) (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218895

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ БУЙРУК 2022-жылдын 24-майы № 85-р Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрындагы № 32 токтомун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-декабрындагы № 77 токтомун көңүлгө алып, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл аймагынын Бурма-Суу, Челпек, Таш-Кыя айылдарында жайгашкан, жалпы узундугу 7,0 км болгон автомобиль жолдору муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун, алардын ичинен:

- узундугу 2,2 км болгон Асан Давлетов көчөсү;

- узундугу 1,9 км болгон Асан Булатов көчөсү;

- узундугу 2,9 км болгон Шарип Эгембердиев көчөсү.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолдорун оперативдүү башкарууга кабыл алсын;

- аталган автомобиль жолдорун мындан ары оңдоону жана күтүүнү республикалык бюджетте 2022-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын;

- бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
