# Распоряжение Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 87-р (Об утверждении Временного положения о порядке использования средств отдельного бюджетного счета на мероприятий по восстановлению ущерба и оказанию помощи гражданам, пострадавшим в результате событий на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Баткенской области 28-30 апреля 2021-года)

- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 87-р
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218894>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18280/edition/1152028/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218894.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 87-р (Об утверждении Временного положения о порядке использования средств отдельного бюджетного счета на мероприятий по восстановлению ущерба и оказанию помощи гражданам, пострадавшим в результате событий на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Баткенской области 28-30 апреля 2021-года) (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218894

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ БУЙРУК 2022-жылдын 24-февралы № 87-р "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы № 113 "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш-чараларды каржылоо максатында:

1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоого өзүнчө бюджеттик эсептин каражаттарын пайдалануунун тартиби тууралуу убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Убактылуу жобо 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө өзүнчө бюджеттик эсеп ачууну жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн берген эсептерине ылайык "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардан 84,4 млн. сом суммасында каражат бөлүүнү камсыздасын;

- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

- 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандардын арыздарын кароо жана зыянды белгилөө боюнча комиссия түзсүн;

- комиссиянын чечиминин негизинде жана Убактылуу жобого ылайык жабыр тарткан жарандарга каражаттарды бөлсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
