# КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 24-февралы № 154 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 24-февралы № 154 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18278/edition/1152032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 24-февралы № 154 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө" (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218892

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ БУЙРУК 2022-жылдын 24-февралы № 154 "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 КПҮ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (KADI)" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары; "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); "РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары (Кеңештин төрагасынын чечими боюнча); Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Кызыл-Кыя шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Баткен шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Сүлүктү шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча); жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча, Кеңештин төрагасынын чечими боюнча); көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча, Кеңештин төрагасынын чечими боюнча).
