# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 80-т "КР Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19га каршы жана анын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерине каршы крш боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражаттар бөлүнүү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 80-т "КР Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19га каршы жана анын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерине каршы крш боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражаттар бөлүнүү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 80-р
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218891>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18277/edition/1152048/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218891.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 80-т "КР Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19га каршы жана анын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерине каршы крш боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражаттар бөлүнүү жөнүндө" тескемеси (18.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218891

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 18-февралы № 80-т Коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күөшүүнүн алкагында маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, COVID-19га жана анын экономикагатийгизген таасиринин кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга 70 400 000 (жетимиш миллион төрт жүз миң) сом бөлүп берсин;

2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул түзөтүүнү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескемениин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
