Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «КР Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19га каршы жана анын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерине каршы крш боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражаттар бөлүнүү жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 18-февралы № 80-т Коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күөшүүнүн алкагында маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, COVID-19га жана анын экономикагатийгизген таасиринин кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каражаттардын эсебинен экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга 70 400 000 (жетимиш миллион төрт жүз миң) сом бөлүп берсин;
2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул түзөтүүнү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескемениин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2022 · № 130