# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 61-т (Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 61-т (Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 61-р
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218890>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18276/edition/1131000/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218890.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 61-т (Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы) тескемеси (15.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218890

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 15-февралы № 61-т "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасымын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы оперативдүү башкармалыгынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
