# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т (Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешин түзүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т (Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешин түзүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 60-р
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18271/edition/1130330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т (Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешин түзүү жөнүндө) тескемеси (15.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218883

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 15-февралы № 60-т Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 83-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин регламенти 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 63-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 250-б буйругу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блоктун маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын транспорт, агрардык саясат, суу ресурстары маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коргоо, коопсуздук маселелерин, чек ара маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар бирлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
