КР Министрлер Кабинетинин (Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешин түзүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-февралы № 60-т Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 83-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин регламенти 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 63-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 250-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блоктун маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын транспорт, агрардык саясат, суу ресурстары маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коргоо, коопсуздук маселелерин, чек ара маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар бирлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 306-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин…Распоряжение · 05.06.2024 · № 306-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 15.02.2022 · № 60-р
- Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин регламенти (Кыргыз…Регламент · 15.02.2022 · № 60-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 25.05.2017 · № 184-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 250-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.07.2019 · № 250-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 25.05.2017 · № 184-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 250-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.07.2019 · № 250-р · Күчүн жоготкон