# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 92-т (дүйнө хоккей чемпионатын даярдоо жөнүндө)

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 92-т (дүйнө хоккей чемпионатын даярдоо жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 92-р
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218882>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18270/edition/1138749/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218882.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 92-т (дүйнө хоккей чемпионатын даярдоо жөнүндө) (28.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218882

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-февралы № 92-т Алдыдагы спорттук иш-чараларды: 2022-жылдын 2-мартынан 8-мартына чейин Бишкек шаарында чоңдор арасында шайба менен хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын (мындан ары – дүйнө чемпионаты) жана 2022-жылдын 1-июлунан 3-июлуна чейин Ысык-Көл облусунда каратэ-до шотокан (WSF) боюнча Азия чемпионатын (мындан ары – Азия чемпионаты) өз убагында жана сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү максатында, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– дүйнө чемпионатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – уюштуруу комитети) 1-тиркемеге ылайык курамда;

– Азия чемпионатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – уюштуруу комитети) 2-тиркемеге ылайык курамда.

2. Уюштуруу комитеттеринин ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2022-жылга каралган каражаттардын чегинде дүйнө чемпионатын жана Азия чемпионатын өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнө чемпионатынын жана Азия чемпионатынын катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги дүйнө чемпионаты жана Азия чемпионаты өтүүчү жана анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоону жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдын ала жөнөтүлгөн расмий өтүнүч каттарынын негизинде чет өлкөлүк жарандарга – дүйнө чемпионатынын жана Азия чемпионатынын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан визалык колдоону жана Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк жарандардын – дүйнө чемпионатынын жана Азия чемпионатынын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу меймандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн, чет өлкөлүк жарандардын – дүйнө чемпионатынын жана Азия чемпионатынын катышуучуларынын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө аларга көмөк көрсөтсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл, уюштуруу жана даярдоо чараларын көрсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына дүйнө чемпионатын жана Азия чемпионатын даярдоонун, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну жана көрсөтүүнү камсыз кылсын.

10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Чоңдор арасында шайба менен хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору; Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Шайба менен хоккей федерациясынын президенти.

2-тиркеме

Каратэ-до шотокан (WSF) боюнча Азия чемпионатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору; Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук каратэ-до шотокан (WSF) федерациясынын президенти.
