# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-февралындагы № 136 тескемесине)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-февралындагы № 136 тескемесине)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218878>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-475/edition/1129058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218878.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-февралындагы № 136 тескемесине) (15.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218878

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-февралындагы № 136 тескемесине)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык жыл сайын республикалык бюджетте түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын пайдалануу жол-жобосун аныктайт.

## 2-глава. Резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүү

2. Резервдик фонддун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды финансылык камсыздоого, анын ичинде төмөнкүлөргө пайдаланылат:

1) табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар убагында финансылык маселелерди ыкчам чечүүгө;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка локалдык окуялардын ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгектин ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлердин ысымын түбөлүккө калтырууга;

4) оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын айрым категорияларына, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир убакта үч же андан ашык бала төрөлгөндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;

5) спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө финансылык колдоо көрсөтүүгө;

6) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат менен байланышпаган максаттарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан сыйлоо менен байланышкан иш-чараларды каржылоого;

8) олуттуу социалдык маанилүү мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерине ылайык кечиктирилгис каржылоону талап кылган башка максаттарга.

3. Резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар саналат.

4. Ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын дарегине кайрылат. Кайрылууда каражаттарды акыркы алуучулар, каражаттар пайдаланыла турган иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө кеңири маалымат камтылууга тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан каражаттарды алууга келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан изилденет.

Келип түшкөн кайрылуулар ушул Тартиптин талаптарына ылайык келген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына резервдик фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө сунушту киргизет.

6. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражаттарын алуучулардан кошумча ырастоочу документтерди талап кылууга укуктуу.

7. Аталган кайрылууларды оң кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү резервдик фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоорун даярдайт.

8. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен кабыл алынат.

9. Резервдик фонддун каражаттары мамлекеттик органдар тарабынан өз ишин жүзөгө ашырууда жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чараларга, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон иш-чараларга, ошондой эле төмөнкү максаттарга пайдаланылбайт:

1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын ишин чагылдырууга;

3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөгө жана материалдык сыйлоого;

4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо боюнча иш-чараларга.

## 3-глава

. Каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик, резервдик фонддун каражаттары боюнча отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби

10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана акча каражаттарын алуучулар (жеке жактарды кошпогондо) резервдик фонддон бөлүнгөн каражаттардын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

11. Резервдик фонддун акча каражаттарын пайдаланууга жана калган калдыгына мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.

12. Каражаттарды алуучулар (жеке жактарды кошпогондо) резервдик фонддун каражаттарын өздөштүрүүнүн, пайдалануунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына аларды пайдалануу жөнүндө отчет берет.

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө жылдык жыйынды отчетту түзөт жана мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтөт.

14. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко тиркелет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына милдеттүү жарыяланууга тийиш.
