# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 74-т ("Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык дайындоолорду көбөйтүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 74-т ("Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык дайындоолорду көбөйтүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 74-р
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18266/edition/1128962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 74-т ("Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык дайындоолорду көбөйтүү жөнүндө) тескемеси (18.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218877

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 18-февралы № 74-т Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 29-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренесинде каралган каражаттардын эсебинен социалдык объекттерди, ирригациялык курулмаларды курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоого "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттарды 7000000000 (жети миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
