# КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралы ПТ № 14 "Эл аралык финансы уюмдарында Кыргыз Республикасынын мүчөлүгү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралы ПТ № 14 "Эл аралык финансы уюмдарында Кыргыз Республикасынын мүчөлүгү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18260/edition/1152074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218871.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралы ПТ № 14 "Эл аралык финансы уюмдарында Кыргыз Республикасынын мүчөлүгү жөнүндө" тескемеси (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218871

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 8-февралы ПТ № 14 "Эл аралык финансы уюмдарында Кыргыз Республикасынын мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын атынан башкаруучунун милдеттерин аткаруу төмөндөгүлөргө жүктөлсүн:

1) Азия Өнүктүрүү банкында, Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Ислам өнүктүрүү банкында, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде - Кыргыз Республикасынын Финансы министрине;

2) Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;

3) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрине.

2. Башкаруучунун альтернаты катары төмөндөгүлөр аныкталсын:

1) Эл аралык валюта фондунда, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

2) Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

3) Азия Өнүктүрүү банкында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясында - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 11 буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-апрелиндеги № 103-б буйругу.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
