# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралы № 45-р Бишкек шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттарды суммасын көбөйтүү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралы № 45-р Бишкек шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттарды суммасын көбөйтүү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 45-р
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218863>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18252/edition/1152054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218863.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралы № 45-р Бишкек шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттарды суммасын көбөйтүү жөнүндө" тескемеси (04.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218863

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 4-февралы № 45-р Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 29-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттарды белгиленген тартипте 1000000,0 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражатын белгиленген тартипте максаттуу багыты боюнча так пайдалануу сунушталсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
