# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 171-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 171-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 171-р
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18248/edition/1127496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218859.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 171-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (07.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218859

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 7-сентябры № 171-т Ысык-Көл облусун туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 29 жана 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча:

1) "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунан түшкөн дивиденддердин эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 1000000000,0 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;

2) "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттардын көлөмүн 1000000000,0 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн жана аталган каражаттарды Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0-141, 640-км) реконструкциялоого Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине бөлүп берсин;

3) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган буйрук менен бекитилген 2021-жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0-141, 640-км) долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча тапшырыкчы болуп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин алдында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык контракттык негизде адистерди тартуу менен жол-курулуш иштерин контролдоо үчүн тапшырыкчынын долбоорун башкаруу боюнча 5 бирдиктен турган топ түзүлсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө, курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У.А. Марипов

Тиркеме

"Тиркеме

2021-жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин ТИЗМЕСИ

№

Объекттин аталышы

Объекттин наркы, бардык чыгымдарды кошкондо

Курулуш башталгандан берки каржылоо

Бүткөрүү үчүн муктаждык

2021-жылга план

Азайтуу

Көбөйтүү

2021-жылга такталган план

Жалпы республика боюнча:

4195000,0

1000000,0

5195000,0

1

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (социалдык объекттер) (1-тиркемеге ылайык)

1290758,4

1290758,4

2

Объекттерди капиталдык оңдоо (2-тиркемеге ылайык)

123247,0

123247,0

3

Суу менен камсыздоо (3-тиркемеге ылайык)

200000,0

200000,0

4

Бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен мектептердин курулушу (4-тиркемеге ылайык)

158688,0

158688,0

5

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти (5-тиркемеге ылайык)

960000,0

1000000,0

1960000,0

6

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги (ирригация) (6-тиркемеге ылайык)

270000,0

270000,0

7

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (7-тиркемеге ылайык)

200000,0

200000,0

8

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак учурунда Баткен облусунда бузулган социалдык жана чарбалык багыттагы объекттерди калыбына келтирүү (8-тиркемеге ылайык)

500000,0

500000,0

9

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы

152400,0

152400,0

1) "Ак-Жол автожолу" өткөрмө пунктунун комплексин долбоорлоо жана куруу

50000,0

50000,0

2) "Кайрагач" чек ара заставасынын комплексин долбоорлоо жана куруу

3000,0

3000,0

3) "Булак-Башы" чек ара заставасынын комплексин долбоорлоо жана куруу

3500,0

3500,0

4) "Достук" чек ара заставасынын комплексин долбоорлоо жана куруу

75000,0

75000,0

5) "Максат" чек ара заставасынын комплексин долбоорлоо жана куруу

20900,0

20900,0

10

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

15100,0

15100,0

11

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

5000,0

5000,0

12

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

42506,6

42506,6

Баткен облусунун Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратын куруу

12570,6

12570,6

Нарын облусунун Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратын куруу

4936,0

4936,0

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын командалык борборунун административдик имаратын куруу

10000,0

10000,0

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратын капиталдык оңдоо

15000,0

15000,0

13

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

51000,0

51000,0

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаны- Жер айылындагы № 19 түзөтүү колониясынын мекемесинин базасында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн атайын корпусту куруу

40000,0

40000,0

Жалал-Абад шаарындагы № 10 түзөтүү колониясынын мекемесинде айып изоляторунун курулушун бүткөрүү

11000,0

11000,0

14

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

152000,0

152000,0

15

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы (Ош ш. мэриясы)

50000,0

50000,0

500 окуучулук орундуу М.Ломоносов атындагы № 3 мектептин курулушу (Ош ш. мэриясы)

45000,0

42688,5

2311,5

1000,0

1000,0

"Амир-Темур" кичи районундагы С.Айни көчөсүндөгү 625 окуучулук орундуу мектептин курулушу (Ош ш. мэриясы)

147807,7

39661,3

108146,4

15000,0

15000,0

"Курманжан-Датка'' МАБ 275 окуучулук орунга эсептелген мектептин курулушу (Ош ш. мэриясы)

60977,8

42248,8

28729,0

10000,0

10000,0

Ирригатор көчөсүндөгү 275 окуучулук орундуу мектептин курулушу (Ош ш. мэриясы)

54233,0

47445,5

16787,5

4000,0

4000,0

Ош шаарындагы Жапалак айылдарды аймактык башкаруусун суу менен камсыздоо (Ош ш. мэриясы)

150000,0

0,0

150000,0

20000,0

20000,0

16

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги

5000,0

5000,0

17

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги (фитосанитардык лабораториялар)

5000,0

5000,0

18

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (юстиция үйлөрүнүн имаратын куруу)

14300,0

14300,0

Эскертүү: Ушул Тизменин 1-8-тиркемелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.".
