# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50-т ""Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин рынок баасы боюнча андан ары "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100% акциясын өткөрүп берүү үчүн киргизуу жонундо" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50-т ""Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин рынок баасы боюнча андан ары "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100% акциясын өткөрүп берүү үчүн киргизуу жонундо" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 50-р
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218855>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18244/edition/1127682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218855.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50-т ""Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин рынок баасы боюнча андан ары "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100% акциясын өткөрүп берүү үчүн киргизуу жонундо" тескемеси (07.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218855

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 7-февралы № 50-т Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун 1500 (бир миң беш жүз) даана санындагы акцияларынын мамлекеттик пакетин рынок баасы боюнча андан ары "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100% акциясын өткөрүп берүү үчүн киргизсин.

2. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын уставдык капиталына салымдын суммасына акциялардын кошумча чыгарылышын (жеке эмиссиясын) жабык жайгаштырууну белгиленген тартипте жүргүзүү;

- "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин киргизүү.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын кошумча чыгарылышын (жеке эмиссиясын) жабык жайгаштырууну каттоону жүргүзсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
