Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «»Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уставдык капиталына «Каракуль гидроэлектростанциясы» ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин рынок баасы боюнча андан ары «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100% акциясын өткөрүп берүү үчүн киргизуу жонундо» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 7-февралы № 50-т Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун 1500 (бир миң беш жүз) даана санындагы акцияларынын мамлекеттик пакетин рынок баасы боюнча андан ары "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100% акциясын өткөрүп берүү үчүн киргизсин.
2. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын уставдык капиталына салымдын суммасына акциялардын кошумча чыгарылышын (жеке эмиссиясын) жабык жайгаштырууну белгиленген тартипте жүргүзүү;
- "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына "Каракуль гидроэлектростанциясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин киргизүү.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын кошумча чыгарылышын (жеке эмиссиясын) жабык жайгаштырууну каттоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана…Постановление · 25.06.2020 · № 3966
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31