# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 56-т (Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 56-т (Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 56-р
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18240/edition/1128031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 56-т (Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси (10.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218849

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 10-февралы № 56-т Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн белгилөө, бажы операцияларын жасоону тездетүү жана бажылык контролдоону жүргүзүүнү оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтомунун 4-пунктуна ылайык:

1. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:

- 2022-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө тиешелүү мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке киргизүү жана ишке ашыруу боюнча ички нускамаларды бекитсин;

- 2022-жылдын 1-ноябрына чейин тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке киргизүүнү жана ишке ашырууну, ошондой эле пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
