Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 10-февралы № 56-т Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн белгилөө, бажы операцияларын жасоону тездетүү жана бажылык контролдоону жүргүзүүнү оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтомунун 4-пунктуна ылайык:
1. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- 2022-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө тиешелүү мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке киргизүү жана ишке ашыруу боюнча ички нускамаларды бекитсин;
- 2022-жылдын 1-ноябрына чейин тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке киргизүүнү жана ишке ашырууну, ошондой эле пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 56-т тескемесине)Порядок · 10.02.2022 · № 56-р
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү…Порядок · 06.12.2024 · № 736
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз…Порядок · 19.11.2020 · № 572 · Күчүн жоготкон