# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 49-р
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18238/edition/1128523/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси (07.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218847

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 7-февралы № 49-т 2017-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Өлкөлүк командасынын ортосунда кол коюлган 2018-2022-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына өнүктүрүү жаатында жардам көрсөтүүнүн алкактык негиздерин (ЮНДАФ) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.

3. ЮНДАФка стратегиялык жетекчиликти камсыз кылуу жана аткаруу маселелерин кароо үчүн ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин жыйналыштары жылына бир жолу өткөрүлүп турат деп аныкталсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 587-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-декабрындагы № 493-б буйругу.

Төрага

А.У. Жапаров

Тиркеме

2018-2022-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына өнүктүрүү жаатында жардам көрсөтүүнүн алкактык негиздерин ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин (ЮНДАФ СКК) КУРАМЫ Кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ЮНДАФ СККнын тең төрагасы; БУУнун системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору, ЮНДАФ СККнын тең төрагасы (макулдашуу боюнча); ЮНДАФ СККнын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын экономика жана финансы маселелерин тейлөөчү биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелерди тейлөөчү орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын энергетика министри; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) эл аралык бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык-укуктук кызматташуу башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча); Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун директору; Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору (макулдашуу боюнча); Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча); Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча); Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча); Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ АУЖКБ) Кыргыз Республикасындагы региондук өкүлү (макулдашуу боюнча); Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча); Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы БУУ - Аялдар өкүлү (макулдашуу боюнча); Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк өкүлү (макулдашуу боюнча); Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк менеджери (макулдашуу боюнча); Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) Кыргыз Республикасындагы офисинин башчысы (макулдашуу боюнча); Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Кыргыз Республикасындагы аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча); Алматыдагы ЮНЕСКО бюросунун директору, Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ЮНЕСКОнун өкүлү (макулдашуу боюнча); Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) офисинин башчысы (макулдашуу боюнча); Качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын (БУУ КИЖК) Кыргыз Республикасындагы башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча); Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору (макулдашуу боюнча).
