КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 4-февралы № 46-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн программасынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен тиркелген долбоорго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага
А.У. Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар): 2002-жылдын 24-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин, 1998-жылдын 27-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун, 1992-жылдын 14-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Капиталдык салымдарды кубаттоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун, 2019-жылдын 13-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларациясынын негизинде, соода-экономикалык чөйрөдө 2019-жылдын июнунда эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу максатында, "Бир алкак - бир жол" демилгесин биргелешип куруу боюнча кызматташтыкты илгерилетип, Тараптардын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу жана эгемендүү теңдик принциптерине негизденип, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү, эки элдин бакубаттыгын жакшыртуу жана региондук өнүгүүнү координациялоого көмөк көрсөтүү максатында, Тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн ушул программасын кабыл алды.
I бөлүм. Программанын негизги максаттары
Ушул Программанын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү;
- соода-саясий координацияны күчөтүү;
- сооданы либералдаштыруу;
- капиталдын кыймылынын эркиндигин камсыз кылуу;
- инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү;
- бажылык, маалыматтык-коммуникациялык, транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдүн өз ара байланышын өнүктүрүү;
- өнөр жай кооперациясын жана өндүрүш чынжырларын өнүктүрүү;
- "Бир алкак - бир жол" демилгесин биргелешип куруу боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүү жана колдоо.
II бөлүм. Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери
Тараптар кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу негизде төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча жүргүзүшөт: соода, айыл чарбасы, инвестициялар, финансы, транспорт жана логистика, инновациялар жана "жашыл" технологиялар, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу, региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, көп тараптуу кызматташтык, саламаттык сактоо жана туризм. Тараптар зарыл болгон учурда өз ара кызыкчылыкты пайда кылган тиешелүү жааттарда кызматташтыкты өнүктүрүүнү тереңдетүү максатында кошумча программаларды жана башка документтерди иштеп чыгат, ошондой эле зарыл болгондо биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзөт, кызматташтыктын актуалдык маселелерине арналган иш-чараларды, анын ичинде форумдарды, конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана жармаңкелерди уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1. Соода
Тараптар эки тараптуу сооданы мындан ары кеңейтүү үчүн чараларды көрөт жана эки тараптуу сооданы тең салмактуу өнүктүрүүгө умтулат, ошондой эле эки өлкөнүн айыл чарба продукциясын экспорттоого уруксаттарды берүү боюнча жол-жоболорду биргелешип илгерилетет, Кыргызстандан импорттун көлөмүн кеңейтет. Бул максаттарда Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Сооданы жогорку сапатта өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча иш-чаралардын биргелешкен планына ("Жол картасына") кол коёт. Тараптар соода тартибин, анын ичинде эки тараптуу соодадагы тарифтик эмес тоскоолдуктардын санын кыскартуу жолу менен өнүктүрүүнү жана жөнөкөйлөштүрүүнү улантат, бул өлкөлөрдүн ортосундагы соода балансынын дефицитин кыскартууга мүмкүндүк берет. Тараптар рыноктордун ачыктыгын көбөйтөт жана рынокторду жеткиликтүү кылууга өз ара жардам көрсөтөт, энергетика, инфратүзүм, айыл чарбасы, пайдалуу кендерди казуу, химия өнөр жайы, почта байланышы, индустриалдык парктарды түзүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты чыңдайт жана бир эле убакта электрондук коммерция, кызмат көрсөтүү менен соода кылуу, эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы кызматташтык, санариптик экономика, туризм жана финансы сыяктуу жааттарда сооданын жаңы өсүш орундарын биргелешип түзөт. Тараптар эл аралык соода жаатындагы кызматташтыкты жана алмашууну "бирдиктүү терезе" принциби боюнча чыңдайт, маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууда кызматташуунун механизмдерин түзөт жана өз ара байланышка көмөк көрсөтөт. Тараптар тышкы соода статистикасынын маалыматтарын алмашуу жана салыштыруу, берилген маалыматтардын айырмачылыктарынын себептерин талдоо үчүн бажы статистикасы боюнча эксперттердин кеңешмелерин үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Тараптар электрондук соода жаатындагы тажрыйба менен алмашууну жана кызматташууну активдүү жүргүзөт, кыргыз ишканаларынын кытай электрондук соода аянтчалары менен өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт, квалификацияны жогорулатуу боюнча кызматташууну биргелешип жүргүзөт. Тараптар үчүнчү өлкөлөрдө өткөрүлүүчү сооданы илгерилетүү боюнча ар кандай көргөзмөлөргө жана имидж иш-чараларына активдүү катышуусу үчүн ата мекендик ишканаларга жана бизнес ассоциацияларга колдоо көрсөтөт, ошондой эле өз ара же биргелешип "соода үйлөрүн" же туруктуу көргөзмө павильондорун түзөт. Тараптар "Бир алкак - бир жол" демилгесин биргелешип куруунун алкагында чакан жана орто ишканалардын кызматташтыгын колдойт. Кытай тарап Кытай эл аралык импорттук ЭКСПО, ЭКСПО Кытай - Евразия, China International Fair for Trade in Services (CIFTIS) сыяктуу платформаларды жана башка аянтчаларды КЭРге жана үчүнчү өлкөлөргө продукцияны экспорттоону кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан толук колдонулушун кубаттайт. Кыргыз тарап кытай рыногунун талаптарына туура келүүчү продукцияларды өстүрүүгө, таңгактоого жана маркетинг кылууга колдоо көрсөтүүнү камсыз кылып, Кыргызстанда маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кытай ишканаларын активдүү чакырууга даяр. Тараптар сооданын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, стандарттарды, техникалык регламенттерди жана шайкеш келүүнү баалоо жол-жоболорун, өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылуунун методдорун, эрежелерин иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасында келип чыгуучу соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды мындан ары болтурбоого жана жоюуга көмөк көрсөтөт. Стандарттар, техникалык регламенттер жана аларды колдонуунун эрежелери соодада керексиз тоскоолдуктарды түзбөгөндөй кылып так жазылышы керек. Ушуга байланыштуу Тараптар төмөнкүдөй иш-чараларды уюштурат:
- стандарттарды, техникалык регламенттерди жана шайкештикти баалоонун жол-жоболорун өз ара түшүнүүнү жогорулатуу максатында биргелешкен семинарларды өткөрүү;
- жумушчу жолугушууларды, конференцияларды, жыйналыштарды уюштуруу аркылуу маалыматтын ачыктыгын жана алмашууну күчөтүү;
- эки тараптын кызыкчылыгын жараткан жааттарда ар бир тараптын стандарттары, техникалык регламенттери жана шайкештикти баалоонун жол-жоболору жана мыйзамдык метрологиясы боюнча маалыматтарды алмашуу;
- метрология, шайкештикти баалоо чөйрөлөрүндө кызматташуу үчүн мүмкүндүктөрдү изилдөө;
- ар бир тараптын биргелешкен ишине дем берүү жана илгерилетүү үчүн техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда кызматташуу.
2. Айыл чарба
Тараптар айыл чарба продукцияларын эки тараптуу сатуунун көлөмүн кеңейтүүнү жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын импортунун көлөмүн көбөйтүүнү колдоого алат, мындан ары Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнүн потенциалын колдонот. Кыргыз тарап өз кезегинде кытай рыногунун керектөөлөрүн камсыздоо үчүн жогорку сапаттуу жана экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Тараптар продукцияны өстүрүү, көбөйтүү жана кайра иштетүүдөгү бүтүндөй өндүрүштүк чынжыр боюнча айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтөт. Тараптар айыл чарба продукциясын ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулат. Бул максатта кытай ишканалары кампа жайларын биргелешип курууга жана айыл чарба продукциясын Кытай аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзиттөө боюнча кызматташууну жигердүү жүзөгө ашырууга тартылат. Тараптар айыл чарба технологияларын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча өзүнчө жабдууларды, азык-түлүк продукциясы үчүн таңгактоочу каражаттарды жана материалдарды өндүрүү, ошондой эле жашылча сактоочу жайларды куруу боюнча кызматташууну жигердүү жөнгө салат. Тараптар электрондук ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттар менен алмашуу аркылуу контролдонуучу айыл чарба жүктөрүн (товарларды) өткөрүүгө электрондук байкоо жүргүзүү маселесин жигердүү карап чыгат, айыл чарба технологиялары менен алмашууну күчөтөт жана лабораториялык персоналды окутат, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ылаңдарынын алдын алуу жана контролдоо, инспекция жана карантин, сертификаттоо жана аккредитациялоо, ошондой эле мелиорация жаатындагы кызматташууну тереңдетет. Тараптар илимий, стандартташтырылган жана тартиптештирилген негизде эки тараптуу айыл чарба кызматташуусун илгерилетет. Тараптардын ишканаларынын ортосунда ишкер байланыштарды түзүүнү колдоого алат. Тараптар продукцияны Кытай Эл Республикасында сатууга багытталган агротехникалык парктарды жана соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча кыргыз-кытай айыл чарба бирикмесин түзүүнүн максатка ылайыктуулугун карайт.
3. Инвестициялар
Тараптар инвестицияларды тартуу жана коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Тараптардын компетенттүү органдары тышкы инвестициялар боюнча маалымат менен алмашууну активдештирет. Инвестициялык кызматташуу боюнча жумушчу топ жыйналыштарды, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташууну жана Тараптардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча сүйлөшүүлөрдү дайыма өткөрүп турат. Ошондой эле Тараптар улуттук мыйзамдардын алкагында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго преференцияларды берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Тараптар жагымдуу, коопсуз жана туруктуу инвестициялык климатты түзүү үчүн күч-аракеттерин жумшайт, ишканалардын жана персоналдын мүлкүнүн коопсуздугун, улутташтыруудан, экспроприациядан жана башка эквиваленттик чаралардан коргоону камсыз кылат. Тараптар оң коомдук пикирди түзүүгө умтулат. Тараптар энергетика, транспорт, инфратүзүм, айыл чарба, байланыш, санариптештирүү, почта администрациясы, финансы, жабдууларды, айыл чарба техникасын, курулуш материалдарын, машина куруу, автомобиль куруу (электромобилдер) продукцияларын жана запастык бөлүктөрдү өндүрүү сыяктуу тармактарда кооперациялык байланыштарды бекемдөө жагында кызматташууну улантат. Кызматташуунун тийиштүү долбоорлорун ишке ашыруу субъект катарында ишканалардын өкмөттүк чечиминин принциптерине жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн рынок экономикасынын принциби боюнча негизделет. Тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү консалтингдик, юридикалык, финансылык-камсыздандыруу жана башка колдоо чараларын көрсөтүү жаатындагы кызматташууну да бекемдейт. Кытай тарап улуттук режимди инвестиция алдындагы стадияга толугу менен киргизип, инвестицияларды жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун либералдаштырууну жана жеңилдетүүнү кыйла жогорку деңгээлге чыгарып, адилет, ачык-айкын жана ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү менен ачык-айкындуулукту тереңдетүү саясатын карманат. Кыргыз тарап инвестициялардын келишине дем берүү, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине мамлекеттин мыйзамсыз кийлигишүүсүн болтурбоо, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөсүн түзүү, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу саясатын карманат. Кытай тарап ата мекендик ишканалардын Кыргыз Республикасынын экономикасына болгон инвестициялык ишине, анын ичинде эркин (өзгөчө) экономикалык зоналарга, өнөр жай жана технологиялык парктарга, логистика, электрондук коммерция чөйрөсүндөгү долбоорлорго, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда почта алмашуу чөйрөсүндөгү долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Өз кезегинде кыргыз тарап улуттук мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жогоруда аталган инвестициялык ишке карата жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү мүмкүнчүлүгүн карайт, ошондой эле кытайлык персоналга иштөөгө визаларды жана уруксаттарды ж.б. тариздөөгө көмөк көрсөтөт. Тараптар каржылоо каналдарын кеңейтүүнү, жеке жана коомдук каражаттарды, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн моделинин негизинде кеңири тартууну улантат. Тараптар жабдууларды жеткирип берүү жана инфратүзүм объекттерин куруу боюнча экинчи Тарап өткөрүп жаткан тендерлерге кытай жана кыргыз компаниялары менен ишканаларынын катышуусу үчүн транспаренттик шарттарды камсыз кылат.
4. Финансы
Тараптар эки өлкөнүн финансылык жөнгө салуучулары менен институттарынын ортосундагы кызматташууга, эл аралык эсептешүүлөр, төлөм системаларын интеграциялоо, почта акча которуулары, соода, электрондук коммерция, долбоорлорду каржылоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле экспорттук-кредиттик операцияларды ишке ашырууда эки өлкөнүн финансылык институттарын колдоого өбөлгө түзөт. Тараптар улуттук валюталардагы эки тараптуу бизнестин өнүгүүсүнө, эки өлкөнүн ортосундагы банктык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, агенттик бизнести өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Тараптар каржылоонун булактарын андан ары кеңейтүү максатында Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын, Жибек жолу фондунун жана Кытай-евразиялык экономикалык кызматташуу фондунун алкагында инвестициялоо жана каржылоо боюнча эки тараптуу кызматташууну жигердүү илгерилетет. Тараптар эки өлкөнүн финансылык жана камсыздандыруу мекемелеринин адистерин алмашууну күчөтүү жана продуктулардын линейкаларын кеңейтүү маселелерине көмөктөшүү, ошондой эле тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн жиберет. Кытай тарап эки тараптуу сооданы жана инвестициялык ишти жакшы тейлөө үчүн кыргыз тараптын банктык жана финансылык рыногунун инфратүзүмүн юань менен трансчек аралык төлөм системасына (CIPS) бириктирүүнү колдойт. Тараптар санариптик финансылык кызматташууну жигердүү өнүктүрөт.
5. Транспорт жана логистика
Тараптар "Бир алкак - бир жол" биргелешкен курулуштун алкагында өз ара байланыштарды жөнгө салууга көмөктөшүүнү, транзиттик ташууда кызматташуу потенциалын толук пайдаланууну улантат. Тараптар маалыматтык магистралдардын курулушунда кызматташууну күчөтөт жана өз ара байланышуу тармагын биргелешип түзөт. Тараптар Кыргызстанда товарларды бөлүштүрүү жана сактоо боюнча логистикалык курулмаларды инвестициялоодо кытай ишканасын колдойт. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы автомобилдик жана авиациялык катнашты ар тараптан өнүктүрөт, транспорттук инфратүзүмдүн курулушун өркүндөтөт, EMS (Express Mail Service), кат корреспонденциясы, жөнөтмөлөр жаатында кызматташууну бекемдейт жана жарандык авиация, авиапочта жаатында кызматташууну күчөтөт. Тараптар Кытай жана Кыргызстандын почта администрациясынын ири логистикалык жана курьердик компанияларынын ортосундагы ишкер мамилелерди орнотууга көмөк көрсөтөт. Тараптар ташуучулар үчүн өз аймагында өтүүсүнүн ыйгайлуулугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн караштырат. Тараптар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын курулушун күчөтөт, иштин натыйжалуулугун, анын ичинде өткөрүү жөндөмдүүлүгүн андан ары жогорулатууга өбөлгө түзөт. Тараптар "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" автожолунун транзиттик жолун пайдаланууга, мультимодалдык ташууларды жүргүзүүгө жана Азиянын жана Европанын натыйжалуу жана ыңгайлуу магистралдык тармагын түзүүгө ниеттенет. Тараптар "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун илгерилетет. Тараптар техникалык кызматташууну жана транспорт, логистика жана почта жаатында алмашууну жүргүзөт, тейлөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап маалыматтык чараларды көрөт. Тараптар өз ара пайдалуу шарттарда авиаташуулар рыногуна жетүүнү кеңейтүүгө жигердүү көмөк көрсөтөт, жарандык жана почта авиаташууларда кызматташууну кеңейтет. Тараптар өз ара пайдалуу шарттарда авиаташуулар рыногуна жетүүнү кеңейтүүгө жигердүү көмөк көрсөтөт, жарандык авиаташууларда кызматташууну авиаташуучуларды жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү туруктуу ташуулардын жыштыгынын санын көбөйтүү жолу менен кеңейтет.
6. Жогорку технологиялар
Тараптар чоң маалыматтар, булут технологиялары, суперкомпьютер, Интернет буюмдар, жасалма интеллект, 50 телекоммуникациялар, жаңы материалдар жана энергиянын жаңы булактары жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну жигердүү илгерилетет. Тараптар жогорку технологиялык парктарды, көмүр суутеги төмөн өндүрүштү курууда жана иштетүүдө, жогорку технологиялык ишканаларды инкубациялоодо жана продукцияны коммерциялаштырууда кызматташат. Тараптар технологиялык стартаптардын софт лэндинг программаларын (стартаптарды рынокко чыгарууга көмөктөшүү программасы) түзүүгө жана ишке ашырууга, ошондой эле технологиялык стартаптарды өнүктүрүүдө тажрыйба алмашууга, анын ичинде бул чөйрөгө кошумча нарктын чынжырчаларына катышууга көмөк көрсөтөт. Тараптардын кибер жана маалыматтык коопсуздугу чөйрөсүндө, Тараптардын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө экспорттук потенциалын бекемдөө багыты боюнча, технологиялык трансфер борборлорун түзүүдө жана региондун экономикасын санариптик трансформациялоо үчүн компетенцияларын жогорулатууда кызматташууну Тараптар өнүктүрөт, ошондой эле Тараптар биргелешкен ишканаларды тартуу жана түзүү жолу менен жогорку технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрөт. Тараптар салыктык башкарууну санариптештирүү жаатында жигердүү кызматташат.
7. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүүнү алдын алуу чөйрөсүндө кызматташуу
Тараптар трансчек аралык контрабанда, интеллектуалдык менчик укугун бузуу, салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу, экономикалык кылмыштардын башка түрлөрү менен күрөшүү боюнча кызматташат. Тараптар кылмыш жолу менен алынган кирешени легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана финансылык активдерди кайтаруу, ошондой эле киберкылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара аракеттенет. Тараптар экономикалык кылмыштарды табуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана иликтөөгө көмөк көрсөтөт.
8. Региондор аралык кызматташуу
Тараптар эки өлкөнүн провинцияларынын, облустарынын жана шаарларынын ортосундагы достук мамилелерди активдүү чыңдоону, эки өлкөнүн калкынын өз ара байланыштарын жана кызматташтыгын илгерилетүүнү, эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы иштиктүү кызматташтыкты тереңдетүүнү, түз соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү улантат. Тараптар Бишкек жана Ош шаарлары менен Кытайдын шаарларынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Тараптар калктын бакубаттыгын жакшыртуу жана этностор аралык достукту чыңдоо үчүн шарттарды түзөт.
9. Көп тараптуу кызматташуу
Тараптар Дүйнөлүк соода уюму, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк ж.б. сыяктуу көп тараптуу экономикалык кызматташтык уюмдарынын алкагында позицияларды андан ары координациялайт, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетет жана глобалдуу башкаруу системасын реформалоого көмөк көрсөтөт. Тараптар Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын саммиттеринде жетишилген соода-экономикалык консенсусту биргелешкен күч-аракет менен ишке ашырат жана экономика, соода, инвестициялар, финансы, байланыш, энергиянын кайра жаралуучу булактары, илимий жана технологиялык инновациялар, айыл чарба, бажы ж.б. жаатта ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы иштиктүү кызматташтыкты тереңдетет. Тараптар Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашырат жана төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:
- ШКУнун Соода жүргүзүү жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусуна кол коюуга;
- соода жүргүзүү жол-жоболорун жеңилдетүү деңгээлин андан ары жогорулатууга;
- соода жана инвестициялык кызматташуу үчүн тоскоолдуктарды жоюуга жана соода жүргүзүүдөгү пикир келишпестиктерди талаптагыдай кароо үчүн биринчи кезекте сүйлөшүүлөр, консультациялар, ортомчулук, фактыларды аныктоо, жарашуу сыяктуу талаштарды чечүү методдорун колдонууга;
- бирдей шарттарды түзүүгө жана ишканалардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
- маалымат алмашууну жана соода абалын эки тараптуу изилдөөнү күчөтүүгө.
10. Саламаттык сактоо
Тараптар саламаттык сактоо жана салттуу медицина жаатында кызматташууга жана алмашууга көмөктөшөт. Кытай тарап кыргыз тарапка кытайдын салттуу медицинасын окутуу курстарына орун берет. Тараптар жугуштуу оорулардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү жаатында кызматташууну чыңдайт.
11. Туризм
Тараптар кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт, туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдайт, тиешелүү туристтик, тарыхый жана маданий потенциалды аныктайт, туристтик ресурстардын презентациясын күчөтөт, авиация, транспорт, жашоо, тамактануу, сатып алуу сыяктуу көмөкчү ресурстардын сапатын жана деңгээлин жакшыртат, эки өлкөнүн туристтеринин өз ара барып-келүүлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Тараптар эки өлкөнүн туроператорлорунун ортосундагы кызматташтыкка, ошондой эле туризм чөйрөсүнө санариптик технологияларды киргизүүгө активдүү көмөк көрсөтөт. Кытай тарап кыргыз тарап менен ички массалык туризмди жана санариптик туризмди өнүктүрүү тажрыйбасын алмашат. Тараптар жаңы туристтик продуктуларды киргизүү боюнча алмашууну күчөтөт.
III бөлүм. Программаны ишке ашыруу
Тараптар бул Программаны Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында ишке ашырат. Тиешелүү иштер Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Тараптар бүтүндөй бул Программага же анын конкреттүү бөлүгүнө карата кызматташууну ишке ашыруу үчүн өзүнчө иш-аракеттер пландарын же "жол карталарын" иштеп чыгышы мүмкүн. Тараптар кызматташуу процессинде пайда болгон проблемаларды чечүү, ошондой эле кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоо үчүн бардык чөйрөлөрдө болгон эки тараптуу кызматташуу механизмдеринин негизинде консультацияларды өткөрөт.
Бул Программага 202____-жылдын "___" ________________ эки нускада кол коюлган, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде жана ар бир текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлү
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү
__________________________________
__________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.