# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 32-т (Пайдаланылбаган жана бузук автотранспорт каражаттарын баалоо жана максаттуу сатуу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 32-т (Пайдаланылбаган жана бузук автотранспорт каражаттарын баалоо жана максаттуу сатуу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 32-р
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18231/edition/1125605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 32-т (Пайдаланылбаган жана бузук автотранспорт каражаттарын баалоо жана максаттуу сатуу жөнүндө) тескемеси (27.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218840

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 27-январы № 32-т Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук ишкана" мамлекеттик мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана электр кыймылдаткычтары менен дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын колдонууга дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук ишкана" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен макулдашуу боюнча тиркемеге ылайык колдонулбаган жана бузук автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуунун тартиби жана алардын наркын баалоонун методикасы жөнүндө жобого ылайык баалоону жүргүзсүн жана максаттуу сатууну жүзөгө ашырсын.

2. Колдонулбаган жана бузук автотранспорт каражаттарын максаттуу сатуу мүмкүн болбогон учурда тиркемеге ылайык транспорт каражаттары мыйзамдарда белгиленген тартипте аукцион аркылуу сатылсын.

3. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн, колдонулбаган жана бузук автотранспорт каражаттарын сатуудан түшкөн каражаттар толук көлөмдө республикалык бюджеттин кирешесине которулат.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн, колдонулбаган жана бузук автотранспорт каражаттарын сатуудан республикалык бюджеттин кирешесине түшкөн каражаттардын чегинде электр кыймылдаткычтары менен транспорт каражаттарын сатып алуу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мыйзамдарда белгиленген тартипте бөлүп берсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров

Тиркеме

Баалоого жана сатылууга тийиш болгон автотранспорт каражаттарынын тизмеси

1. "Мерседес-Бенц S500" брондолгон, 2007-жылы чыгарылган, кузовунун № WDD2211761A127809;

2. "Мерседес-Бенц S500" брондолгон, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № WDB2201751A117745;

3. "ГАЗ 31105" 2007-жылы чыгарылган, кузовунун № 31105070146311;

4. "Ниссан Максима" 1997-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1CCUA32Z0067268;

5. "Мерседес-Бенц 190" 1993-жылы чыгарылган, кузовунун № WDB2011221F984405;

6. "ВАЗ 21703" 2008-жылы чыгарылган, кузовунун № XTA21703080154558;

7. "Мерседес-Бенц 200Е" 1993-жылы чыгарылган, кузовунун № WDB1240191С014800;

8. "Фольксваген Шаран" 1997-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ7MZWV040664;

9. "Киа Кредос" 1998-жылы чыгарылган, кузовунун № KNAGC2212WA357481;

10. "Мерседес-Бенц 280Е" 1996-жылы чыгарылган, кузовунун № WDB2100531A202848;

11."ВАЗ 2106" 1997-жылы чыгарылган, кузовунун № XTA210610W3913327;

12. "УA3" 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № 0000290;

13. "Мерседес Вито" 1997-жылы чыгарылган, кузовунун № VSA63823413049604;

14. "Бестурн" 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № LFP85ACP9D1D16437;

15. "Мерседес-Бенц S350" 2006-жылы чыгарылган, кузовунун № WDD2211561A062946;

16. "Тойота Лэнд Крузер Прадо" 1999-жылы чыгарылган, кузовунун № JT111PJA508001413;

17. "ВАЗ 21214" 2005-жылы чыгарылган, кузовунун № XTA21214051780834;

18."ВАЗ 21074" 2009-жылы чыгарылган, кузовунун № XTA21074092866017;

19. "ВАЗ 21074" 2008-жылы чыгарылган, кузовунун ХТА21074082716806.
