# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 31-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болууга аныктоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 31-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болууга аныктоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 31-р
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18230/edition/1138751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218839.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 31-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болууга аныктоо тууралуу) тескемеси (27.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218839

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 27-январы № 31-т Республиканы экономикалык жактан өнүктүрүү, мамлекеттик финансыны жана экономиканы башкаруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү, финансылык-экономикалык процессти автоматташтыруу жана модернизациялоо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо маселелери боюнча милдеттерди ыкчам чечүүнү камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынан монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баалар боюнча сатып алууну жүзөгө ашырсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
