Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жонундо) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-февралы № 44-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 313 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Тиркеме
2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/иш-аракеттер
Ишке ашыруунун мөөнөттөрү
Аткаруучулар
Каржылоо булагы жана суммасы (сом)
Күтүлгөн натыйжалар
1. Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбия боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу
1.1
Концепциянын аткарылышын ишке ашыруу үчүн уюштуруучулук, укуктук шарттарды түзүү жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу
1.1.1. Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбия боюнча базалык изилдөө жүргүзүү. Жыйынтыктардын негизинде Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгуу. Мамлекеттик органдар үчүн негизги индикаторлорду аныктоо
30.03.2022
БИМ, маморгандар
Талап кылынбайт
Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалуу системасы киргизилди
1.1.2. Ар бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адам ресурстарын башкаруу түзүмүнө адеп-ахлактык этиканын функцияларын киргизүү
30.03.2022
Маморгандар, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын адеп-ахлактык жана этикалык жүрүм-туруму боюнча функциялар киргизилди
1.1.3. Адеп-ахлактык баалуулуктар, жалпы кабыл алынган моралдык ченемдер жана инсанды руханий тарбиялоо боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу
30.12.2023
УИА, БИМ
Донорлор, 500,0 миң сом
Билим берүү жана тарбиялоо жаатында колдонуу үчүн методикалык колдонмо иштелип чыкты
1.1.4. Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөгөн адамдарды социалдаштыруу, кайра тарбиялоо жана адаптациялоо механизмин руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнү эске алуу менен иштеп чыгуу
30.12.2023
ЮМ, ЖАК, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча)
Донорлор, 1,0 млн. сом
Изоляция жана спецификалык чөйрө шарттарында инсанды жалпы таанылган социалдык баалуулуктарга кайра социалдаштыруу жана багыттоо
1.1.5. Волонтердук кыймылдар жаатында ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, мигранттардын балдарынын укуктарын коргоого тиешелүү "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө", "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө" ченемдик-укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине балдардын ата-энелеринин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн балдарды окутуу жана тарбиялоо жаатында кызыгуусун арттыруу жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү
20.12.2023
ЭСКММ, ММСЖСМ, маморгандар, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
Концепцияны толук ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлдү. Ченемдик укуктук актылар кабыл алынды
1.1.6. Мамлекеттик тилди, маданиятты жана тарыхты билүү боюнча жарандык, жарандык алуунун шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү
20.12.2022
ЖКК, Тил комиссиясы, ММСЖСМ
Талап кылынбайт
Жарандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды
1.1.7. Инсандын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын, жарандык бирдейликти жана дене тарбиясын калыптандыруу максатында мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатууну уюштуруу жана окуу модулун иштеп чыгуу
2022-2026
УИА, КРПМБА, БИМ КБА
Донорлор, 2,0 млн. сом
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 50%ы окуудан өттү, окутуу методикаларын андан ары колдонуу үчүн шарттар түзүлдү
1.2
Руханий кайра жаралуу үчүн мамлекет менен коомдун ортосундагы байланышты жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү
1.2.1. Концепция жөнүндө калкты маалымдоо боюнча медиапланды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
20.03.2022
ММСЖСМ, маморгандар, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча), жарандык сектор (макулдашуу боюнча)
Донорлор, 2,0 млн. сом
Медиаплан иштелип чыкты жана бекитилди. Анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлүүдө
1.2.2. Маданият жана илим жаатындагы изилдөөлөрдү жана жаңылыктарды чагылдыруу максатында эл аралык электрондук илимий журналын уюштуруу
2022-2026
УИА, БИМ, ММСЖСМ
Донорлор, 2,0 млн. сом
Журнал уюштурулган. Журналды жылына 4 жолу чыгаруу
1.2.3. Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды илгерилетүү боюнча коомдук уюмдар, мекемелер, чыгармачыл топтор, бирикмелер менен натыйжалуу иштөөнүн жол-жобосун иштеп чыгуу
20.12.2024
Маморгандар, ФМ, жарандык сектор (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
Иш-чараларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик социалдык заказдын жол-жоболору иштелип чыкты
1.2.4. Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары менен руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча атайын форумдарды уюштуруу (график боюнча)
Жыл сайын
ККА (макулдашуу боюнча), ТИМ
Донорлор, 12,0 млн. сом
Чет өлкөлөрдө иштеген жана жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн шарттар түзүлдү
1.2.5. Концепцияны ишке ашыруу боюнча брендбукту иштеп чыгуу жана киргизүү, аны руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана "Манас" эпосунун символикасы бар жарнама, басма жана башка продукциялар менен бир комплексте пайдалануу
2022-2023
ММСЖСМ, маморгандар
РБ, 5,0 млн. сом
Брендбук иштелип чыкты жана киргизилди. "Манас" эпосунун үчилтигин жайылтуу үчүн шарттар түзүлгөн
1.2.6. Концепцияны ишке ашыруу боюнча бардык отчеттор, материалдар, нормативдер, иш-чаралар, иштин жыйынтыктары, инфопродуктулар кыргыз, орус жана англис тилдеринде камтылган kuttuel.kg маалымат порталын түзүү
2022-2023
ММСЖСМ
Донорлор, 3,0 млн. сом
Маалыматтык портал иштейт. Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү, Концепцияны ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча материалдарды жайылтуу үчүн шарттар түзүлдү
2. Кыргызстан элинин бирдейлигин, маданиятын жана каада-салттарын сактоо жана өнүктүрүү
2.1
Заманбап билимдерди жана технологияларды пайдалануу менен Кыргызстан элинин руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу
2.1.1. Тарыхый-маданий мурастарды талдоо жана улуттук өзүн-өзү таануу, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды изилдөө жана мамлекеттик башкарууну аналитикалык документтер менен камсыз кылуу үчүн онлайн жана офлайн аянтчаларын түзүү. 2022-2026-жылдарга прикладдык изилдөөлөрдүн тематикалык планын иштеп чыгуу жана киргизүү
20.12.2024
УИА, жарандык сектор (макулдашуу боюнча), ар кандай билим берүү программалардын авторлору (макулдашуу боюнча)
РБ, 2,0 млн. сом
Аянтчалар түзүлдү. Төмөнкүлөр өткөрүлдү:
- 15 талдоо;
- 15 изилдөө;
- 15 отчет;
- аянтчадагы талкуунун 100 катышуучусу
2.1.2. Сайтка материалдарды жарыялоо жана жайгаштыруу менен "Азыркы Кыргызстандын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктары" деген ар жылдык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү
Жыл сайын
УИА, жарандык сектор (макулдашуу боюнча)
РБ, 2,0 млн. сом
Жыл сайын конференция өткөрүлдү. Ар бир конференцияда 10 илимий доклад баяндалат. 40 илимий баяндама
2.1.3. Кыргыз Республикасында руханий-адеп-ахлактык багыттагы бардык иштеп жаткан жана автордук программаларга талдоо жүргүзүү жана руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн жана дене тарбиянын бирдиктүү моделин иштеп чыгуу. Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн жана дене тарбиянын бирдиктүү моделин пропагандалоо жана жайылтуу
2022-2023
УИА, СИУИ, ММСЖСМ, жарандык сектор (макулдашуу боюнча), ар кандай билим берүү программалардын авторлору (макулдашуу боюнча)
РБ, 2,0 млн. сом
Талдоо жүргүзүлдү. Аналитикалык материал даярдалды. Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн жана дене тарбиянын бирдиктүү модели иштелип чыкты
2.1.4. Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарынын объектилеринин электрондук реестрин иштеп чыгуу, объекттерди, материалдарды санариптештирүү жана социалдык тармактарга, мектептерге, китепканаларга, клубдарга жайгаштыруу
20.12.2023
ММСЖСМ, маморгандар, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 6,0 млн. сом
2024-жылдын аягына чейин электрондук реестр иштейт. 2026-жылдын башында 100 санариптештирилген чыгарма, 50 маданият жана искусство объекттери электрондук реестрге жайгаштырылат. 500000ден ашык колдонуучулар
2.1.5. Ар бир региондогу тарыхый-маданий объекттердин тизмесин жана аларга окуучулардын, бюджеттик уюмдардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын милдеттүү баруусунун механизмдерин аныктоо
20.12.2023
ММСЖСМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
Жыл сайын ар бир райондо 300 окуучу тарыхый-маданий мурас объекттерине барат
2.1.6. Театрдык постановкалар, адабият жана поэзия сынактары, манасчылар жыйыны, фольклордук искусство, музейлердин экспозицияларын көрсөтүү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, маданият декадаларын өткөрүү ж.б., өзгөчө "Манас" эпосунун гумандуу идеяларын пропагандалоо бөлүгүндө руханий-адеп-ахлактык жана патриоттук тарбия берүүгө багытталган "Рух ордо" деген аталыш менен иш-чаралар комплексин өткөрүү
2022-2026
ММСЖСМ, чыгармачыл бирликтер, фонддор (макулдашуу боюнча)
РБ, 200,0 млн. сом
Төмөнкүлөр өткөрүлгөн:
- 15 театрдык патриоттук спектаклдер, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн;
- 10 адабият жана поэзия сынагы, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн;
- 5 манасчылар жыйыны;
- тарыхый-маданий мурастын жана кол өнөрчүлүктүн 20 көргөзмөсү;
- 5 маданият декадасы региондордо
2.1.7. Улуттук кийимдерди, саймаларды, шырдактарды, баш кийимдерди, улуттук турак жайды, музыкалык аспаптарды, ашкананы ж.б. кеңири жайылтууга багытталган "Сайма" деген жалпы аталыш менен иш-чаралар комплексин өткөрүү
2022-2026
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), чыгармачыл бирликтер, фонддор (макулдашуу боюнча)
Донорлор, 6,0 млн. сом
Ар бир облуста 2ден иш-чара өткөрүлдү, иш-чаранын катышуучуларынын жалпы саны - 5 миң адам
2.1.8. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча чараларды көрүү (7 объект: Атлах, Өзгөн, Шоробашат, Мады, Кульбоскан, Чанчаркан, Буланча)
20.12.2025
ММСЖСМ, ЮНЕСКО (макулдашуу боюнча), ТИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине 7 тарыхый-маданий мурас объекти киргизилди
2.1.9. Кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүн, материалдык эмес маданий мурастарын өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде Бишкек шаарында "Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплексинин базасында "Улуттук мурас борборун" түзүү
20.12.2023
ММСЖСМ, КРПИБ, "Бишкек" ЭЭА (макулдашуу боюнча), Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча)
РБ, 15,0 млн. сом
"Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплекси ММСЖСМнын балансына берилди, "Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплексинин базасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде "Улуттук мурас борбору" түзүлдү
2.1.10. Улуттук кенч жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын бардык тарыхый-маданий объекттери менен бирдиктүү географиялык картаны түзүү жана киргизүү
20.12.2023
ММСЖСМ, СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), туристтик операторлор жана бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча)
Донорлор, 10,0 млн. сом
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү маданий жерлери жөнүндө бирдиктүү маалыматтык система түзүлдү
2.1.11. Социалдык-маданий/билим берүү объекттеринин базасында ар бир айыл аймагында салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жана сергек жашоо образын жайылтуу функциясын аткарган "Маданият ордосу" борборлорун түзүү
2022-2026
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 100,0 млн. сом
Кыргыз Республикасынын аймагында маданият үйлөрүнүн жана клубдардын базасында 80 борбор түзүлгөн. Ар бир региондо калкты камтуу - 30%
2.1.12. Жаштар арасында "Мен көчмөндүн урпагымын" деген аталышта спорттук жана улуттук оюндардын фестивалын өткөрүү
2022-2026
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча)
Донорлор, 40,0 млн. сом
Жыл сайын 1000 адамдын катышуусу менен 1 фестиваль өткөрүлөт
2.1.13. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясын, мамлекеттик кинотеатрларды модернизациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу
2022-2026
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АКТКЧМА
РБ, донорлор, МЖӨ, 300,0 млн. сом
Төмөнкүлөргө модернизациялоо жана техникалык кайра жабдуу жүргүзүлдү: -1 студияга;
- региондордогу 10 кинотеатр;
- балдар анимациясы студиялары
2.1.14. Толук метраждуу жана кыска метраждуу көркөм, документалдуу, илимий-популярдуу фильмдерди, балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдерди, балдар анимациясын чыгаруу
2022-2026
ММСЖСМ, киностудиялар (макулдашуу боюнча)
РБ, 300,0 млн. сом
Төмөнкү фильмдер чыгарылган:
- 4 көркөм;
- 4 документалдуу;
- 4 балдар жана анимациялык;
- 12 сериялуу 2 сериал;
- 4 илимий-популярдуу фильм
2.1.15. Калкты Кыргыз Республикасынын маданий жана руханий баалуулуктарына тартуу, таланттуу адамдарды табуу жана аларга колдоо көрсөтүү. Ар жылдык музыка фестивалын өткөрүү
2022-2026
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), өнөктөштөр (макулдашуу боюнча)
РБ, 20,0 млн. сом
Ар жылы 10 номинация ыйгарылат. Катышуучулардын саны - мезгил ичинде 4000 адам
2.1.16. Калкка, өзгөчө балдар аудиториясына толук маалымат алуу жана кругозорун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында мамлекеттик электрондук музей каталогун, улуттук электрондук бирдиктүү китепкананы түзүү
20.12.2024
ММСЖСМ, СӨМ, БИМ
РБ, 50,0 млн. сом
Мамлекеттик электрондук музей каталогу жана улуттук электрондук бирдиктүү китепкана иштейт. Онлайн колдонуучулардын саны - 1 млн. адам
2.2
Мамлекеттик тилди жайылтууну жогорулатуу жана аны улуттар аралык карым-катнаштын тили катары өнүктүрүүнү камсыз кылуу
2.2.1. Мамлекеттик тилди жайылтууга багытталган берүүлөрдү, роликтерди, басылмаларды чыгарууга мамлекеттик заказды түзүү
2022-2026
ММСЖСМ, БИМ, Тил комиссиясы
РБ, донорлор, 10,0 млн. сом
Өндүрүшкө мамзаказ аркылуу бөлүнгөн каражаттардын саны - 100 берүү, роликтер
2.2.2. Балдар үчүн көркөм-документалдуу фильмдердин, мультфильмдердин 100 дүйнөлүк шедеврлеринин тизмесин түзүү, аларды расмий тилдеги титрлери менен мамлекеттик тилге которуу
2022-2026
ММСЖСМ, СӨМ
РБ, донорлор, 80,0 млн. сом
100 дүйнөлүк шедевр расмий тилдеги титрлери менен мамлекеттик тилде дубляждалган
2.2.3. Уламыштар, дастандар, оюндар, жомоктор, санжыра темаларында балдар жана чоңдор үчүн кыргыз тилинде көркөм-документалдуу фильмдерди, анимациялык фильмдерди, оюндарды жаратуу
2022-2026
ММСЖСМ, СӨМ
РБ, донорлор, 120,0 млн. сом
3 көркөм фильм; 5 документалдуу фильм; 3 мультфильм; 3 онлайн-оюн
2.2.4. Балдар жана чоңдор үчүн дүйнөнүн 100 мыкты китебин аныктоо жана аларды кыргыз тилине которуу
2022-2026
ММСЖСМ, СӨМ
РБ, донорлор, 50,0 млн. сом
Дүйнөнүн 100 мыкты китеби мамлекеттик тилге которулду
2.3
Кыргыз жараны жарандык индентүүлүктү өнүктүрүүнү камсыз кылуу, патриоттуулуктун, улуттук сыймыктын рухун, өлкөнүн позитивдүү образын калыптандыруу
2.3.1. Жарандык бирдейликти, патриоттуулукту, сыймыктанууну жана Кыргыз жараны жарандык аңдап түшүнүүнү өнүктүрүүгө багытталган "Мен - Кыргыз жараны" улуттук долбоорунун алкагында калктын ар кандай тобунун кызыкчылыктарын жана жашын эске алуу менен иш-чаралар комплексин жүргүзүү
2022-2026
ММСЖСМ, БИМ, ТИМ, ИИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 50,0 млн. сом
100 иш-чара, 5 долбоор
2.3.2. Коом тааныган жана урматтаган жарандардын (окумуштуулар, эмгекчилер, ишкерлер, врачтар, мугалимдер, спортчулар, артисттер, жаштар ж.б.) катышуусу менен Кыргыз жараны руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жана жарандык бирдейликти жайылтуу жана илгерилетүү үчүн жетишкендиктер, ийгиликтүү практикалар жөнүндө "Адамдардын тарыхы - өлкөнүн тарыхы" маалыматтык кыймылды уюштуруу. Бул кыймылга бардык айылдарды жана шаарларды онлайн жана оффлайн форматтарында камтуу
Дайыма
ЖМК (макулдашуу боюнча), ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, донорлор, 20,0 млн. сом
"Адамдардын тарыхы - өлкөнүн тарыхы" жылына 12 долбоор, 200 чыгып сүйлөнүүчү сөз. Социалдык тармактарда 500000ден ашык коноктор
2.3.3. Өлкөдө жана чет өлкөдө жашаган кыргыздардын социалдык-маданий интеграциясын сактоого жана чыңдоого, ошондой эле тарыхый жерлер менен маданий-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган "Кыргыз ааламы" улуттук программасынын алкагында иш-чаралардын комплексин жүргүзүү
Дайыма
ММСЖСМ, ТИМ
РБ, донорлор, 20,0 млн. сом
10 долбоор, Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерди камтуу - 30%. Мигранттардан тартылган каражаттардын суммасы
2.3.4. Чет өлкөдө жашаган республиканын жарандарын тартуу мүмкүндүгү менен чет өлкөдө Кыргызстандын жакшы образын калыптандырууга жана тарых, маданият, илим жана экономиканын жетишкендиктерин (маданият декадалары, көргөзмөлөр, форумдар, фестивалдар, жарманкелер ж.б.) илгерилетүүгө багытталган "Made in Kyrgyzstan" деген жалпы аталышта иш-чаралардын комплексин өткөрүү
Дайыма
ТИМ, ММСЖСМ, БИМ
РБ, донорлор, 50,0 млн. сом
50 иш-чара, 1000ден ашык катышуучу
3. Руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиясын өнүктүрүү
3.1
Жаратман эмгекке жана дене тарбиясын өнүктүрүүгө багытталган билимдүү, тарбиялуу инсанды калыптандыруу
3.1.1. Ата-энелерге үй-бүлөлүк тарбия берүү жаатында кошумча билим берүү программалары боюнча окууга мүмкүнчүлүк берүү
Дайыма
БИМ, ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 6,0 млн. сом
Ар бир райондо жылына 500 үй-бүлөгө көрсөтүлгөн кызматтар
3.1.2. Тарбия берүүнүн жана салттуу билимдердин салттуу системасынын негизинде бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларда тарбия берүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу
Дайыма
БИМ, БИМ КБА
Талап кылынбайт
Программа бекитилди жана киргизилди
3.1.3. PIN номердин негизинде маданият мекемелери (китепканалар) үчүн жалпы республикалык абонементтик электрондук системаны киргизүү
2022
ММСЖСМ, БИМ
Талап кылынбайт
Киргизилди
3.1.4. "Улуттук оюндар жана спорттун түрлөрү" кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу программасын иштеп чыгуу жана аларды билим берүү уюмдарын ишке ашыруу үчүн сунуш кылуу
Дайыма
БИМ, БИМ КБА
Талап кылынбайт
Программа бекитилди жана ишке киргизилди
3.1.5. Билим берүү уюмдарында предметтик стандарттарды же дене тарбия сабактарынын программаларын жаңылоо:
- мектепке чейинки билим берүү;
- орто жалпы билим берүү;
- башталгыч кесиптик билим берүү;
- кесиптик орто билим берүү;
- жогорку кесиптик билим берүү
2022-2023
БИМ, БИМ КБА, ССМ
Талап кылынбайт
Стандарттар бекитилди жана ишке киргизилди
3.1.6. Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарында дене тарбия секцияларына сунуш кылган дене тарбия боюнча типтүү программаны иштеп чыгуу
2022-2023
БИМ, БИМ КБА, ССМ
Талап кылынбайт
Программа бекитилди жана ишке киргизилди
3.1.7. Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында сабактан тышкары убакта уюштурулган спорттун түрлөрү боюнча адистештирилген секциялардын типтүү программасын иштеп чыгуу
2022-2023
БИМ, БИМ КБА, ССМ
Талап кылынбайт
Программа бекитилди жана ишке киргизилди
3.1.8. Спорттун классикалык жана улуттук түрлөрү боюнча балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук адистештирилген мектептеринин типтүү программаларын иштеп чыгуу
2022-2023
БИМ, БИМ КБА
Талап кылынбайт
Программа бекитилди жана ишке киргизилди
3.1.9. Жалпы билим берүү мекемелеринде эрте менен көнүгүүлөрдү жасоону, медициналык кароону жана жалпы республикалык дене тарбия жана "ГТО" ченемдери боюнча өнүктүрүү программасын калыбына келтирүү
2022-2023
ММСЖСМ, ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
60% бала ГТО тапшырды. Билим берүү системасында 70% бала медициналык кароодон өттү
3.1.10. Социалдык жарнаманын жардамы менен Net Nanny Parental Controls, McAfee Safe Eyes, McAfee Family Protection, CyberPatrol ж.б. ата-эне контролу программаларынын мүмкүнчүлүктөрүн жана аспаптарын жалпыга маалымдоо каражаттары менен илгерилетүү жана балдар үчүн ата мекендик контенттин эскертүүчү белгилерин маркалоо системасын киргизүү. Жалпы билим берүүчү мектептерде ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Дайыма
ММСЖСМ, БИМ, ССМ, ИИМ, ЖМК (макулдашуу боюнча), психологдор, балдар менен иштөө боюнча адистер (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
Маркалоо системасы ишке киргизилди
3.2
Коомдук жүрүм-турумдун алгылыксыз ченемдерине жарандардын терс мамилесин калыптандыруу
3.2.1. Коомдо кандай гана түрдө болбосун зомбулукка жол бербөөнү калыптандырууга, зомбулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө, зомбулукту болтурбоо боюнча чараларды ишке киргизүүгө жана зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин жүргүзүү
2022-2026
ЭСКММ, ССМ, ИИМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), жарандык коомдун уюмдары (макулдашуу боюнча)
ГРБ, 5,0 млн. сом
Жыл сайын статистикалык маалыматтар аркылуу зордукчулардын санынын динамикасын көзөмөлдөө боюнча 10 долбоор, 20дан кем эмес иш-чара өткөрүлөт
3.2.2. Билим берүү мекемелеринин окуучулары жана балдар интернат мекемелеринин тарбиялануучулары менен турмуштук оор кырдаалда калган балдар үчүн укук бузуулардын алдын алуу (мектеп рэкети, баңгилик, аракечтик, тамеки тартуу ж.б.) боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү
Дайыма
ИИМ (ЖИИ) БИМ, ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 2,0 млн. сом
Билим берүү мекемелери 100% камтылган. Мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун санын 10%га азайтуу
3.2.3. Мектептердин жана лицейлердин жогорку класстарынын окуучуларынын арасында "Жарык из" республикалык аскердик-патриоттук оюн өткөрүү
жыл сайын
КМ, БИМ
РБ, 12,0 млн. сом
5000ден ашык окуучу
4. Адамдык капиталдын сапатын жогорулатуу жана руханий жактан жаңылануу
4.1
Үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоону калыптандыруу
4.1.1. Бекем үй-бүлө курууга даярдоого, жаштарды биргелешип үй-бүлө курууга көндүрүүгө, ажырашууну алдын алууга, жооптуу ата-эне болууга багытталган "Жаш үй-бүлө" деген жалпы аталышта иш-чаралардын комплексин өткөрүү
2022-2024
ММСЖСМ, ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), жарандык сектор, фонддор (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
Жаштардын жана үй-бүлөлөрдүн 30%ы камтылган
4.1.2. Оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган "Аялуу үй-бүлө" (оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөр) деген жалпы аталышта иш-чаралардын комплексин өткөрүү
2022-2024
КРПОЫУӨ, ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
ТЖК үй-бүлөлөрдүн 50%ы камтылган, 5 долбоор. Кайрымдуулук каражаттарын тартуу
4.1.3. Репродуктивдүү ден соолукту жакшыртууга, эне болууга даярдоого жана ымыркайларды багууга багытталган "Умай-Эне" деген жалпы аталышта иш-чаралардын комплексин өткөрүү
2022-2024
ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
Жаш энелердин 50%ы камтылган, Энелердин жана балдардын өлүмүнүн 3%га азайышы
4.1.4. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана улгайган жарандарга үй-бүлөлүк чөйрөнү жана камкордукту камсыз кылууга багытталган "Үй-бүлө баары үчүн" кыймылын уюштуруу
2022-2024
ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРПОЫУӨ
РБ, 5,0 млн. сом
Жыл сайын балдарды жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыз кылууга багытталган 50 иш-чара өткөрүлдү
4.1.5. Өлкөнүн жалпы билим берүү мектептеринде балдарды тарбиялоодо жана элдик салттарды пропагандалоодо жардам берүү үчүн "Ата-энелер мектеби" борборлорун ачуу
2022-2024
БИМ, ЭСКММ, ММСЖСМ
РБ, 10,0 млн. сом кошумча каражат (жыл сайын)
Мектептерде "Ата-энелер мектеби" 40 борбор түзүлдү
4.1.6. "Чоң атам менен чоң апамдын насааттары" онлайн-долбоорун ишке киргизүү
2022-2024
ММСЖСМ, Тил комиссиясы, ЖМК (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
Жылына 46 телеберүү
4.1.7. Балдарды, өзгөчө мигранттардын балдарын тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралардын пакетин иштеп чыгуу жана бекитүү
2022
ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), БИМ
Талап кылынбайт
Чаралар пакети ЧУАга киргизилди
4.2
Жарандардын айлана-чөйрөгө аяр мамилесин калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимин өнүктүрүү
4.2.1. Экологиялык аң-сезимди калыптандырууга, адамдардын айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуусуна, тазалыкты сактоого, жаратылышты коргоо чараларын камсыз кылууга жана экологиялык билимдерди жана көндүмдөрдү жайылтууга багытталган "Табиятты сактайлы" деген жалпы аталышта иш-чаралардын комплексин өткөрүү
2022-2024
ЖРЭТКМ БИМ, ИИМ, ЖМК (макулдашуу боюнча)
РБ, 2,0 млн. сом
200 иш-чара, 45 долбоор, калкты камтуу - 50%
4.2.2. Калкты шыктандыруу жана мотивациялоо чаралары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "Үлгүлүү үй/көчө/квартал/ айыл" сынагы жөнүндө жобону иштеп чыгуусу жана аны ар жылдык негизде өткөрүү
Дайыма
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 2,0 млн
Жобо, 45 долбоор, калкты камтуу - 70%
4.3
Сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттун жана дене тарбиясынын массалык түрлөрүн өнүктүрүү
4.3.1. Кыймылдуу жашоонун образын кеңейтүүгө жана активдүү узак жашоого багытталган "Дени сактын - руху сергек" деген жалпы аталышта иш-чаралардын комплексин өткөрүү. Ачык асман алдында спорт аянтчаларын ачуу
Дайыма
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 100,0 млн. сом
300 иш-чара, 50 долбоор, калкты камтуу - 50%, ачык асман алдындагы 500 спорт аянтчасы
4.3.2. Мыйзам алдындагы актыларды жана механизмдерди, спорт менен машыгуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр үчүн методиканы иштеп чыгуу менен "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, атап айтканда, массалык спорт, спортто адаптацияланган дене тарбия жана адеп-ахлактуулук түшүнүктөрүн аныктоо бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу
2022-2023
ССМ, ММСЖСМ
Талап кылынбайт
Мыйзамга толуктоолор киргизилди
4.3.3. Концепциянын милдеттерин эске алуу менен мугалимдердин жана тренерлердин компетенциясын, ошондой эле алардын квалификациясын жогорулатуу
20.12.2023
БИМ, ММСЖСМ
РБ, 2,0 млн. сом
3000 мугалимдин жана тренердин квалификациясы жогорулатылды
4.3.4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен өз короосунда/кварталында/көчөсүндө/
айылында/шаарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, дене тарбиянын жана спорттун массалык түрлөрүн, ачык асман алдындагы спортту өнүктүрүүгө багытталган "Өзүңдөн башта" кыймылын уюштуруу
Дайыма
ММСЖСМ, ЖМК (макулдашуу боюнча), ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 20,0 млн. сом
Калкты камтуу - 50%, 100 иш-чара, 100 долбоор
4.4
Жарандардын Ата мекенге болгон сүйүүсүн калыптандыруу жана жаңы лидерлердин чыгуусун камсыз кылуу
4.4.1. Ар бир региондун тарыхый көрүнүктүү жерлери жана ыйык жерлери боюнча туристтик, таанып-билүүчүлүк турларды иштеп чыгууга багытталган "Өз өлкөңдү тааны" кыймылын уюштуруу
Дайыма
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
70% калк камтылды. Тарыхый көрүнүктүү жерлер жана ыйык жерлер боюнча (ар бир райондо) 40 тур иштелип чыкты
4.4.2. Волонтерлукту жайылтууга, алардын үлгү катары ийгиликтүү тажрыйбаларын көрсөтүүгө багытталган "Мен - ыктыярчы" кыймылын уюштуруу
Дайыма
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 3,0 млн. сом
20 волонтердук долбоор, 3000ден ашык катышуучу
4.4.3. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны керектөөнү жайылтууга багытталган "Мен Кыргызстанды тандайм" кыймылын уюштуруу
Дайыма
ЖРЭТКМ, АЧМ, ММСЖСМ, ЖМК (макулдашуу боюнча), ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 5,0 млн. сом
Социалдык тармактар аркылуу кыймылга 3000ден ашык адам камтылды
4.4.4. Кыргыз Республикасынын заманбап лидерлеринин жаңы муунун даярдоого багытталган "Улуттун уюткусу" улуттук долбоордун алкагында иш-чаралар комплексин өткөрүү
Дайыма
МКЖӨБМА, ММСЖСМ, БИМ
РБ, 2,0 млн. сом
100 тренинг өткөрүлдү, 2000ден ашык катышуучу
4.4.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде жыл сайын "40 куттуу иш" акциясын өткөрүү
Дайыма
ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
РБ, 80,0 млн. сом
5 долбоор, 1000ден ашык катышуучу
4.4.6. Концепцияны ишке ашыруунун жетишилген натыйжаларын дайыма жаңыртуу менен "Куттуу Эл" ЛЭД-экранын аянтка орнотуу
Дайыма
Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ
РБ, 2,0 млн. сом
айына - 3, жылына 36 жаңылоо
4.4.7. Кыргыз Республикасынын Президентинин окуп жаткан жаштар менен руханий баалуулуктар жана адеп-ахлактуулук, Кыргызстандын келечеги тууралуу онлайн форматта суроо-жооп түрүндө жолугушууларын дайыма өткөрүү
Дайыма
ММСЖСМ, БИМ, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
5 жолугушуу, 70 суроо келип түштү жана жооптор берилди
Кыскартуулардын тизмеси
ЖКК
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы
КРПИБ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы
ККА
-
Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган
Тил комиссиясы
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы
КРПМБА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ЮМ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ИИМ
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги
ММСЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
СӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
КМ
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
АЧМ
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги
ЖРЭТКМ
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
МКЖӨБМА
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги
АКТКЧМА
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
КРПОЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
КР Акыйкатчысы
-
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
ЖАК
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
СИУИ
-
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту
УИА
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
БИМ КБА
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы
Маморгандар
-
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
"Бишкек" ЭЭА
-
"Бишкек" эркин экономикалык аймагы
ЮНЕСКО
-
ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы
ЖМК
-
жалпыга маалымдоо каражаттары
МЖӨ
-
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
РБ
-
республикалык бюджет
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы ПЖ № 313 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" жарлыгыУказ · 24.07.2021 · № 313
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36