Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун даярдоо жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-январы № 35-т 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2022-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун жиберсин.
2. Бюджеттин ресурстарынын администраторлору 2022-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү эсептөөлөрү жана негиздемеси, ошондой эле кирешелер боюнча тобокелдиктерди чагылдыруу менен 2022-2024-жылдарга кирешелер боюнча такталган болжолду жана 2025-2027-жылдарга болжолду берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2022-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер, мамлекеттик ишканалардын кирешелери боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча түшүүлөрдүн, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы үчүн төлөмдөрдүн түшүүлөрүнүн 2022-2024-жылдарга такталган болжолун жана 2025-2027-жылдарга болжолун;
2) мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун фискалдык тобокелдиктери боюнча кеңири маалыматты.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2022-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2021-жыл үчүн кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышын, консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн 2022-2024-жылдарга такталган маалыматтарды жана 2025-2027-жылдарга финансылык ресурстардын жана чыгымдардын болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
5. 2023-2027-жылдарга бюджеттик чыгымдардын секторалдык стратегияларын (мындан ары - БЧСС) берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн, 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна карата БЧСС берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) 2022-жылдын 20-апрелине чейинки мөөнөттө коргоо жана укуктук тартипти сактоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды кошпогондо, коомдук угууларды өткөрүү убактысы жана орду тууралуу кабарлоо менен БЧСС долбоорлорун ведомстволук расмий веб-сайттарга жарыяласын;
2) 2022-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кошпогондо, кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен секторалдык стратегияларды коомдук талкуулоону өткөрсүн;
3) 2022-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага ылайык тиешелүү багыттар боюнча 2023-2027-жылдарга БЧСС долбоорлору боюнча документтердин топтомун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
7. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) 2022-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө - тиешелүү эсептөөлөрү жана негиздемеси менен 2021-жылдын бюджетин аткаруунун жыйынтыгы боюнча 2022-2024-жылдарга сметалардагы өзгөртүүлөрдү жана ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алуу менен 2025-2027-жылдарга пландалган чыгымдарды, атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча болжолду;
2) 2022-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө - 2023-2027-жылдарга БЧСС долбоорлорун;
3) 2022-жылдын 20-сентябрына чейинки мөөнөттө:
- бюджеттик каражаттардын чыгымдарынын жыйынды сметаларын жана 2022-жылдын 6 айы үчүн бюджетти аткаруунун жыйынтыгы боюнча 2022-2024-жылдарга атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларын тактоону;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага ылайык 2022-2024-жылдарга программалык негизде бюджеттердин долбоорлорун.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2022-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө ресурстар боюнча болжолго ылайык 2025-2027-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына маалымдасын;
2) 2022-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди алып салуу боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрсүн;
3) 2022-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинде кароо үчүн 2025-2027-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтыган 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыксын;
4) 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Тиркеме
2023-2027-жылдарга бюджеттик чыгымдардын секторалдык стратегияларын берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.
11. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги.
12. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.
13. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 26-т (2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун…Распоряжение · 25.01.2023 · № 26-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2022 · № 130
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 349 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген)Инструкция · 24.12.2021 · № 349 · Күчүн жоготкон